Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

"Түрк дүйнөсүнүн" картасы: Эрдоганга белек, Кремлдин жообу


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Өткөн аптада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга белекке берилген "Түрк дүйнөсүнүн" картасы боюнча Орусия жана Грекия реакция жасады.

17-октябрда Түркиянын "Улуттук кыймыл" партиясынын лидери Девлет Бахчели түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга Орусиянын 20га жакын аймагы жана Кытайдын бир бөлүгү кошо түшүрүлгөн "Түрк дүйнөсүнүн" картасын белек кылган.

Ал картага Түндүк Кавказ республикалары (Чеченстан, Ингушетия, Дагестан, Түндүк Осетия, Алания, Кабардин-Балкар, Карачай-Черкес жана Адыгей аймактары), Краснодар крайы, Ростов облусунун бир бөлүгү, Поволжье, Чыгыш Сибир жана Якутия кошулган.

Борбор Азиядан Тажикстандан башка мамлекеттер менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном округунун аймактары да түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн.

Ал эми дүйшөмбүдө орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул белек боюнча комментарий берди. Кремлдин өкүлү түрк дүйнөсүнүн борбору Орусиянын аймагындагы Алтай экенин баса белгиледи.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

"Түркиянын түрк биримдиги идеясын өнүктүрүп жатканы нормалдуу көрүнүш. Болгону түрк дүйнөсүнүн картасынын борборунда чоң кызыл жылдыз турбаганы өкүндүрөт. Ал борбор Түркияда эмес, Орусиянын аймагында Алтайда жайгашуусу керек. Бул ар бир түрк үчүн ыйык деп эсептелген жер, алар ушул жерде жаралган. Мен муну түрколог катары айтып жатам",-деди Песков.

Ал эми түркиялык серепчи, профессор Тугрул Исмаил РБК телеканалы менен болгон маегинде, бул эки саясий партиянын лидерлеринин кадимкидей эле жолугушуусу болгонун, карта болсо Түркиядагы мектептердин тарых сабагындагы сүрөт экенин эскертти.

"Бул карта Түркиядагы мектеп программасына кирген материал. Бул түрк тилдүү улуттардын жашаган аймагы экенин ар бир түрколог билсе керек. Мунун эч кандай саясий өңүтү жок. Тарыхый жана маданий тамырыбыз бир экенин баса белгилеген жөн гана карта деп ойлойм",-деген ал.

Ал арада Түркияга коңшу Грекиянын айрым басылмалары Эрдоганга берилген белектин башка өңүтүн жазып чыгышты.

"Эрдоган менен Бахчели Борбордук Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттерди жана Түркия "сүргүндө" деп эсептеген мусулмандар жашаган айрым аймактарды камтыган "түрк дүйнөсүнүн" картасын тайсалдабай кармап, сүрөткө түшүштү",- деп сүрөттөйт грекиялык Greek Ci̇ty Ti̇mes басылмасы.

Ал эми президент Эрдоган чуулгандуу белек тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Айрым эксперттер болсо Түркиянын Кавказ аймагындагы олуттуу ролу Азербайжан былтыр Тоолуу Карабакта жеңишке жеткенден кийин өскөнүн белгилешет.

Ошондой эле быйыл жазда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бейформал саммити Түркия Борбор Азиядагы мурдагы советтик жумурияттарга өзүнүн маданий жана экономикалык таасирин күчөтө баштады деген жоромолдорго жем таштаган.

Муну менен катар 12-ноябрда Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкө лидерлеринин сегизинчи саммитинде Түрк кеңешин мындан ары "Түрк мамлекеттер уюму" деп атоо чечими кабыл алынган.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040" деп аталган стратегиялык документке да кол коюшкан. Бул документ түрк тилдүү мамлекеттер үчүн жакынкы 20 жылда "жол картасы" болору айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG