Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Бюджеттеги 43 миллиард сомдук дал келбестик маселеси талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча аудиттик текшерүү “аябай көп жетишпестикти” аныктап чыкканын бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңеште тийиштүү мыйзам долбоору каралып жатканда Эсеп палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков билдирди. Байгазаковдун айтымында, сөз жалпысынан 43 миллиард сом жөнүндө болууда.

Анын 19,7 миллиард сому беренелер ортосундагы дал келбестиктен, 17 миллиарддан ашыгы кредиттик карыз ашык жазылганынан жана ошондой эле “Кумтөрдөн” түшкөн акчаны аймактарды өнүктүрүү жана башка фонддорго которууда кетирилген катачылыктан улам пайда болгон:

“43 миллиард сомдун 19,7 миллиардын текшерүүдөн баш тартып жатабыз, себеби мыйзам туура эмес болуп калган деп. Калган бөлүмдөрдү текшергенде 23,5 миллиарддын фонддун 4,9 миллиард акчасын ордуна коюу маселеси калды. Калгандын баарын ордуна коюшту”.

Каржы министринин орун басары Мелс Аттокуров Эсеп палатасы айтып жаткан акча бекитилген бюджеттин алкагында коротулганын, мыйзам бузуу болбогонун айтты:

“4,9 миллиард сомду фондго которуп берүү маселеси гана калды. Аны биз чечип жатабыз. Кайтарып беребиз. Бул фонд саламаттык сактоо, билим берүү, экология тармагына жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн. Бул акча желип же мыйзамсыз иштелип кеткен жок. Бекитилген бюджеттин алкагында гана чыгымдалган”.

Эсеп палатасы жетишпеген акча боюнча тийиштүү органдарга маалымат берилгенин, териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Депутаттар эки жыл мурдагы бюджеттин көйгөйү азыр көтөрүлүп жатканы канчалык мыйзамдуу жана ошол жылдын бюджетин бекитүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдоп берсе, азыркы парламенттин жоопкерчилиги кандайча каралат деген суроолорду көтөрүштү.

Натыйжада маселе жалпы парламенттин күн тартибинен алынып, кайра тармактык комитетте кароого жөнөтүлдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG