Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын финалында күрөшөт


Архив сүрөт. Жоламан Шаршенбеков.
Архив сүрөт. Жоламан Шаршенбеков.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында күрөшөт.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков бүгүн, 20-апрелде грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта жарым финалдык таймашта казакстандык Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде жеңди.

Ага чейин чейрек финалда монголиялык Балжиннийам Цевеенравданды 8:0 эсебинде жеңген. Алдыда алтын байге үчүн ирандык Мехди Сейфоллах Мохсен Нежад менен беттешет.

Байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында эки жолу күмүш байге алган (2018-ж., 2021-ж.). Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (2018-ж., 2020-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган (2019-ж.). Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду (2016-ж.), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеген (2017-ж.).

Бүгүнкү чемпионатта грек-рим күрөшү боюнча 60, 67, 72, 82 жана 97 килограмм салмакта байгелер ойнотулууда. Кыргызстандан беш балбан күч сынашты. Элдияр Сатаров (67 кг.) менен Калидин Асыкеев (82 кг.) алгачкы беттештеринде жеңилип, мелдештен четтеди. Ал эми Адилхан Нурланбеков (72 кг.) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг.) коло байге үчүн күрөшөт.

Нурланбековдун чейрек финалдагы ирандык атаандашы финалга чыккандыктан, ал алдыда коло байге үчүн күч сынашат. 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков чейрек финалда индиялык Рави Равини 3:1 эсебинде утуп, жарым финалда ирандык Мехди Мохаммад Балихамзехдеге жеңилди. Коло байге үчүн ким менен күч сынашары азырынча белгисиз.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Биринчи мелдеш күнүндө Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы эки алтын, бир коло байгеге ээ болду. Алтын байгелерди Тынар Шаршенбеков (63 кг.) жана Акжол Махмудов алса (77 кг.), Роман Кимге (130 кг.) коло байге буюрду. Азия чемпионаты 24-апрелге чейин уланат. Алдыда эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн байгелер ойнотулат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG