Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Күрөш: Акжол Махмудов экинчи жолу Азия чемпиону болду


Архив сүрөт. Акжол Махмудов.
Архив сүрөт. Акжол Махмудов.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын байгеге ээ болду.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, 19-апрелде Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта Азия чемпионатынын финалында казакстандык Максат Ережепов менен күрөшүп, 3:1 эсебинде жеңишке жетти. Махмудов финалдык таймашка чейин алгач ирандык Ареф Мозафар Хабиболлахини 9:1, жарым финалда түштүк кореялык Олимпиада чемпиону Ким Хён Уну 4:1 эсебинде жеңип алган. 34 жаштагы Ким Хён У Олимп оюндарынын алтын ( 66 кг., 2012-ж.) жана коло байгесинин ээси (75 кг., 2016-ж.). Дүйнө чемпионатында бир алтын (2013-ж.) жана эки коло байге алган (2011-ж., 2018-ж.). Азиянын төрт жолку чемпиону.

23 жаштагы Акжол Махмудов ушуну менен экинчи жолу чоңдор арасында Азия чемпиону болду. Алгач 2018-жылы 19 жашында Бишкекте өткөн Азия чемпионатында жеңүүчү болгон. Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.). Кадеттер арасында Дүйнө чемпионатынын алтын (2016-ж.), жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.), коло байгелерин уткан. Уландар (2016-ж.) жана жаштар (2017-ж.) арасында дагы Азиянын чемпиону болгон.

Улан-Батор шаарындагы күрөш боюнча Азия чемпионатынан Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын эсебине экинчи алтын байге жазылды. Буга чейин кыргызстандык Тынар Шаршенбеков 63 килограмм салмакта финалда казакстандык Мирамбек Айнагуловду жеңип алган. 130 килограмм салмакта күч сынашкан Роман Ким (130 кг.) коло байгеге ээ болду.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Улан-Батор шаарында бүгүн башталды. Эртең, 20-апрелде грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 72, 82 жана 97 килограмм салмакта байгелер ойнотулат. Бул күнү кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Элдияр Сатаров, Адилхан Нурланбеков жана Үзүр Жусупбеков күч сынашат. Андан соң эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар бар. Мелдеш 24-апрелге чейин созулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG