Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Балбан Тынар Шаршенбеков Азия чемпиону болду


Архив сүрөт. Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында. 15-сентябрь, 2019-ж. Нур-Султан, Казакстан.
Архив сүрөт. Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында. 15-сентябрь, 2019-ж. Нур-Султан, Казакстан.

Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, 19-апрелде Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограмм салмакта финалда казакстандык Мирамбек Айнагуловдун далысын килемге басып, таза жеңишке ээ болду. Ал финалга чейин индиялык Неераж Нееражды 10:4 эсебинде, жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахромовду 13:7 эсебинде утуп алган.

Тынар Шаршенбеков 25 жашта. Жаштар арасында Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-ж.). Чоңдор арасында Дүйнө чемпионатында 5-орунду ээлеген (2019-ж.). Анын финалдагы атаандашы 28 жаштагы Мирамбек Айнагулов дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелеринин ээси. Азия чемпионатында бир күмүш, эки коло байге алган.

Бул Азия чемпионатында күрөштүн ушул түрүнөн 77 килограмм салмакта дагы бир кыргызстандык Акжол Махмудов финалда күрөшөт. Ал финалда казакстандык Максат Ережепов менен таймашат.

Бул күнү жалпысынан кыргызстандык беш балбан күч сынашты. 55 килограмм салмакта Балбай Дордоков алгачкы беттешинде өзбекстандык Жасурбек Ортикбоевге жеңилип, байгесиз калса, Мелис Айтбеков (87 кг.) жана Роман Ким (130 кг.) коло байге үчүн күрөшөт.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Улан-Батор шаарында бүгүн башталды. Эртең, 20-апрелде грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 72, 82 жана 97 килограмм салмакта байгелер ойнотулат. Бул күнү таймаштарга Кыргызстандан Жоламан Шаршенбеков, Элдияр Сатаров, Адилхан Нурланбеков, Калидин Асыкеев жана Үзүр Жусупбеков катышат. Андан соң эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар бар. Мелдеш 24-апрелге чейин уланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG