Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Азия чемпионаты: Махмудов менен Шаршенбеков финалга чыкты


Архив сүрөт. Акжол Махмудов Олимп оюндарында азербайжандык Рафик Хусейнов менен күрөшүүдө. 2-август, 2021-ж. Токио, Жапония.
Архив сүрөт. Акжол Махмудов Олимп оюндарында азербайжандык Рафик Хусейнов менен күрөшүүдө. 2-август, 2021-ж. Токио, Жапония.

Кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков жана Акжол Махмудов Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыгышты.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, 19-апрелде Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограмм салмакта финалда казакстандык Мирамбек Айнагулов менен күрөшөт. Ал финалга чыкканга чейин индиялык Неераж Нееражды 10:4 эсебинде, жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахромовду 13:7 эсебинде утуп алды.

Тынар Шаршенбеков 25 жашта. Жаштар арасында Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси. Чоңдор арасында Дүйнө чемпионатында 5-9-орундарды ээлеген. Анын атаандашы Мирамбек Айнагулов 28 жашта. Ал - дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелеринин ээси. Азия чемпионатында бир күмүш, эки коло байге алган.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта Азия чемпионатынын алтын байгеси үчүн казакстандык Максат Ережепов менен күрөшөт. Махмудов финалдык таймашка чыкканга чейин ирандык Ареф Мозафар Хабиболлахини 9:1, жарым финалда түштүк кореялык Олимпиада чемпиону Ким Хён Уну 4:1 эсебинде жеңип алды. 34 жаштагы Ким Хён У Олимп оюндарынын алтын ( 66 кг., 2012-ж.) жана коло байгесинин ээси (75 кг., 2016-ж.). Дүйнө чемпионатында бир алтын (2013-ж.) жана эки коло байге алган (2011-ж., 2018-ж.). Азиянын төрт жолку чемпиону.

Байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Акжол Махмудов 23 жашта. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.). Уландар (кадеттер) арасында Дүйнө чемпионатынын алтын (2016-ж.), жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.), коло байгелеринин (2018-ж.) ээси. Уландар (2016-ж.), жаштар (2017-ж.) жана чоңдор арасында (2018-ж.) Азия чемпиону болгон. Анын атаандашы Максат Ережепов 32 жашта. Жаштар арасында Азия чемпиону. Чоңдор арасында Азия чемпионатында эки жолу коло медал тагынган.

Бул күнү жалпысынан кыргызстандык беш балбан күч сынашты. 55 килограмм салмакта Балбай Дордоков алгачкы беттешинде өзбекстандык Жасурбек Ортикбоевге жеңилип, байгесиз калса, Мелис Айтбеков (87 кг.) жана Роман Ким (130 кг.) коло байге үчүн күрөшөт.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Улан-Батор шаарында бүгүн башталды. Эртең, 20-апрелде грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 72, 82 жана 97 килограмм салмакта байгелер ойнотулат. Бул күнү таймаштарга Кыргызстандан Жоламан Шаршенбеков, Элдияр Сатаров, Адилхан Нурланбеков, Калидин Асыкеев жана Үзүр Жусупбеков катышат. Андан соң эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар бар. Мелдеш 24-апрелге чейин созулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG