Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Күрөш боюнча Азия чемпионатына бара турган спортчуларга акча бөлүндү


Токиодогу Олимп оюндарында күмүш байге алган Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова. 7-август, 2021
Токиодогу Олимп оюндарында күмүш байге алган Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова. 7-август, 2021

Монголиянын Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпионатына бара турган Кыргызстандын курама командасына 14-апрелде гана каражат бөлүндү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы кабарлады.

Финансы министрлиги баш-аягы 8 миллион сом которгон. Бул каражат Улан-Баторго бараткан 23 спортчу, алты машыктыруучу, эки дарыгер, бир укалоочу жана эки калыстын авиабилетине, аккредитацияга, ПЧР-тест жана күнүмдүк чыгымга жумшалат.

“Каражатка байланыштуу Финансы министрлигине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы март айында эле сунуштама жиберген. Министрлик акчаны бүгүн гана которду”, - деди дирекциянын басма сөз катчысы Айгерим Турдалиева.

Финансы министрлиги Дене тарбия жана спорт башкармалыгына 2022-жылдын апрель айына 99,6 миллион сом каралып, 14-апрелге карата анын 19 миллион сому бөлүнгөнүн билдирди. Мекеме мамлекеттик органдардын чыгымдарын каржылоонун тартиби бар экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында депутат Шайлообек Атазов кыргызстандык балбандарга эл аралык мелдешке баруу үчүн Финансы министрлиги акча которбой жатканын айтып, сынга алган.

19-25-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында эркин күрөш, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты болот. Ага 2021-жылы Токиодогу Олимп оюндарында күмүш байге алган Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова, коло медал уткан Мээрим Жуманазарова да катышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG