Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:27

АКШ Украинага 800 млн. долларлык аскердик жардам берет


Мариупол шаары. 12-апрель, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Мариупол шаары. 12-апрель, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттары Украинага 800 миллион долларлык аскердик жардам бере турган болду. АКШ президенти Жо Байден 13-апрелде украин президенти Владимир Зеленский менен телефондо сүйлөшкөндөн кийин жардамдын жаңы пакетин жарыялады.

Маалыматка ылайык, Орусиянын баскынчылыгына каршы күрөшүү үчүн тик учактар, артиллерия, амуниция, башка курал-жарак жөнөтүлмөкчү.

Вашингтон ошондой эле дүйнөнүн чар тарабындагы өнөктөштөр берген куралды Украинага өткөрүүгө көмөктөшө бермей болду.

Франция жана Германия да Зеленскийдин чакырыгынан кийин көбүрөөк курал жөнөтүшөрүн айтышты.

Ал эми Wall Street Journal гезитинин жазганына ылайык, АКШ “украин күчтөрүнө орус армиясынын чабуул коюу пландарын алдын ала билүүгө, муну менен соккуларга жооп кайтарууга жардам берчү” чалгын маалыматтарын көбүрөөк берип турат. Басылманын булактары украин аймагындагы буталар тууралуу гана кеп болгонун белгиледи.

Америкалык чалгынычылардын маалыматына караганда, башкалаа Киевди жана Украинанын түндүгүндөгү шаарларды алуу операциясынан майнап чыкпаган соң, Орусия өлкө чыгышына катуу сокку урууга даярданууда. Кремл муну менен аймакта өз көзөмөлүнө алган жерлерди кеңейтүүнү көздөйт. (АА)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG