Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Сот Бишкектин борборунда сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап жаткан кез. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап жаткан кез. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.

Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук администрациясы билдирди.

Ага ылайык, акимчилик ар кандай калайман башаламандыктардын, тополоңдун алдын алуу максатында деген жүйө менен митингдерге тыюу салуу тууралуу райондук сотко кайрылган. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Чечимге жараша эми 13-апрелден 1-сентябрга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын, өкмөт үйүнүн, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин алдына нааразылык акцияларга чогулууга болбойт. Митингдерди Максим Горький атындагы гүлбакта гана өткөрүүгө уруксат берилет.

Буга чейин Бишкектин төрт районунда үч айга чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салынган. Мындан улам Орусиянын элчигинин алдында нааразылык акцияга чыккан жарандык активисттерди милиция кармап кеткен. Андан кийин Орусиянын Украинага каршы согушун айыптап Горький гүлбагына митингге чыккандар да кармалган.

Жарандык коомдук өкүлдөрү, укук коргоочулар жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынч жыйындарга тыюу салуу Конституцияга каршы келерин эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG