Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өттү


Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигине
Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигине

Тажикстандын Бишкектеги элчилигинин алдында 14-апрелде он чакты жарандык активист нааразылык акциясына чыгышты. Алар чек ара чатактары үчүн тажик президенти Эмомали Рахмонду айыптап, жаңжалда курман болгон кыргызстандык балдардын сүрөттөрүн, өлкөнүн желегин кармап турушту.

Милиция кызматкерлери айрым жазууларды "агрессивдүү маанайда" деп баалап, көтөрүп чыгууга болбой турганын эскертти.

Мунун алдында, 13-апрелде президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чатакка байланыштуу үн каткан. Ал Фейсбуктагы баракчасына өлкө демократиялык жолдон тайбай турганын, сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталарын билдирип, ошол эле учурда коңшу мамлекет тууралуу маалымат жазарда этият болууну эскерткен.

Кыргыз-тажик чек арасында акыркы жолу 12-апрелде ок атылган окуя катталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул окуяга байланыштуу 13-апрелде кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өткөнүн билдирди. Ага кыргыз тараптан Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган топ катышты. Ал эми тажик делегациясын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали жетектеди.

Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардан турган комиссия түзүүнү макулдашты. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөт.

13-апрелде сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы алгач Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде өткөн, андан кийин тараптар ок атышуу болгон аймакта - Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолуккан.

12-апрелдеги ок атышууда Кыргызстандын алты жараны жараат алганы белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлиги Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатканын билдирди. 23 жаштагы аскер кызматкеринин санына жана таманына октун бөлүктөрү тийген. 30 жаштагы тургун да тизесинен жараат алган. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. 20 жаштагы дагы бир аскер кызматкери тизесинин булчуңун чоюп алса, 50 жаштагы адамдын оң жак жамбашына октун чачырандысы тийген. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.

Дүйшөмбү соңку окуялар боюнча расмий комментарий бере элек. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG