Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы Орусиянын Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачыларын билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, “Урал аба жолдору” компаниясы 20-апрелден баштап Красноярск – Бишкек - Красноярск багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачууну пландап жатат жана ал жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.

“Урал аба жолдору” ишканасы 10-апрелден баштап Иркутск – Бишкек - Екатеринбург багыты боюнча каттамды аткара баштаган. Бул каттам да жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү болот.

Ушул тапта Бишкек - Москва багыты боюнча жергиликтүү “Авиатрафик”, Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы каттамдарды аткарууда. “Аэрофлот” 8-марттан баштап эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтотуп, кайра 14-мартта Кыргызстанга каттамдарын жанданткан.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин орус авиакомпаниялары бир топ өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын санкцияларына жана чектөөлөрүнө кабылды.

Европа биримдиги Орусиянын 21 авиакомпаниясын учууга кооптуу деген жүйө менен кара тизмеге киргизген. Алардын арасында Кыргызстанга каттаган S7, “Аэрофлот” жана “Урал авиакаттамдары” ишканалары да бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG