Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Чек ара: эки тараптуу макулдашуунун аткарылышын комиссия көзөмөлдөйт


Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чырга байланыштуу тараптар 13-апрелде үч жолу жолукту.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чырга байланыштуу тараптар 13-апрелде үч жолу жолукту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чырга байланыштуу 13-апрелде кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өткөнүн билдирди. Ага кыргыз тараптан Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган топ катышты. Ал эми тажик делегациясынын жетекчиси Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали болду.

Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашты. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөт.

13-апрелде сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы алгач Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде өткөн, андан кийин тараптар ок атышуу болгон аймакта - Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолуккан.

Тажик тарап сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмонали 12-апрелде да жолугуп, чек арадагы кырдаалды курчутпоо, чыр-чатактарды болтурбоо тууралуу макулдашкан, бирок өтпөй эле ошол күнү кечинде дагы ок атылган окуя катталган.

12-апрелдеги ок атышууда Кыргызстандын алты жараны жараат алганы белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлиги Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатканын билдирди. 23 жаштагы аскер кызматкеринин санына жана таманына октун бөлүктөрү тийген. 30 жаштагы тургун да тизесинен жараат алган. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. 20 жаштагы дагы бир аскер кызматкери тизесинин булчуңун чоюп алса, 50 жаштагы адамдын оң жак жамбашына октун чачырандысы тийген. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG