Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

"Кыз кошунаны көрсөттү". Майыптыгы бар өспүрүмдү ким зордуктаган?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыл-эсинен майыптыгы бар 16 жаштагы кыз зордукталып, боюна бүтүп калган. Анын жакындары, укук коргоочулар жергиликтүү бийлик менен милицияны бул ишке көңүл бурбай жатканын айтып, нааразы болууда.

"Зордукталганы кош бойлуу болгондо билинди"

16 жаштагы Миргүл (аты-жөнү өзгөртүлдү) акыл-эси жагынан майыптыгы бар. Кыздын зордукталганы кош бойлуу болуп калганда гана билинген. Аталаш эжеси Жылдыздын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, кыздан ким зордуктаганын сурашканда, алыс эмес жашаган кошунасын көрсөткөн.

"Апасы ичи чоңоюп атканынан шекшинип, айылдагы бейтапканага алып барыптыр. Текшерсе, боюнда бар экен. Анан дарыгерлер Караколго жиберишиптир. Миргүл өзү "зордуктаган" деп бир эле кишини көрсөтүп атат. Канча жолу сурасак деле ошол. Апасы экөө милицияга да барган, бирок апасынын сабаты ачылбагандыктан, арыз жазбаптыр. Арызды мен эми жазып атам. Бирок милиция шектүүнү кармай элек".

Жылдыздын сөзүнө караганда, Миргүл экөө бир атадан, апалары башка. Апасы кайтыш болгондо атасы башкага үйлөнүп, кыздуу болгон. Ал аял да көз жуумп, атасы кийинки никесинен үч балалуу болгон. Миргүл - алардын улуусу, ал оорусуна байланыштуу мектепте окуган эмес.

"Кыз социалдык кызматкерлердин кароосунда болот"

Ысык-Көл облустук бийлиги бул окуя боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмалар берилип, иликтөө жүргүзүлө баштаганын айтууда. Президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Миргүл эми социалдык кызматкерлердин кароосунда болот.

"Бул окуя боюнча милиция иштеп жатат. Азыр эми шектүү белгисиз. Кыздын акыл-эси жагынан майыптыгы бар болгондуктан, анын сөзү далил болуп бере албайт. Ал эми ДНК Кыргызстанда жасатылбайт экен, ал үчүн Казакстанга барыш керек экен, 2 миллиондой сом керек деп жатат. Кыз мындан ары жергиликтүү социалдык кызматкерлердин кароосунда болот. Эртең Түпкө барып, бул боюнча атайын чогулуш өткөрүп, тиешелүү тараптарга дагы тапшырма беребиз. Бул ишти өз көзөмөлүмө алам".

Элмира Үсөнованын айтуусунда, кыздын курсагындагы беш айлык түйүлдүк козголуп, өспүрүмдүн өмүрүнө коркунуч келтиргендиктен, аборт кылынган. Бул маалыматты кыздын эжеси Жылдыз да ырастады.

"Төрөтканага 5-апрелде жаткырылган. Кесарево кылып, түйүлдүгүн алышыптыр, 11-апрелде чыгып кетти. Сиңдимдин абалы өтө жакшы эмес. Үйдө карап атабыз".

Бул окуя тууралуу соцтармактарга алгач Караколдогу укук коргоочу Камил Рузиев жазып чыккан. Ал жергиликтүү бийликке жана Акыйкатчы институтуна да зордукталган майып кыздын окуясына көңүл бурууну талап кылган болчу.

Рузиев майыптыгы бар, жашы жете элек кыздын зордукталганы боюнча милиция чара көрбөй жатканын белгиледи:

"Кыз кошунасын көрсөтүп, ошол зордуктаганын айтууда. Бирок милиция ага карата эч кандай чара көргөн эмес. Далил жок деп атышат. ДНК анализ кылыш керек да. Кыз көрсөтүп жаткан адам менен курсактан алынган түйүлдүктүн ДНКсын салыштырганда эле аныкталат".

"Зомбулуктан коргоо чарасын күчөтүү керек"

Миргүлдүн окуясын "Балдар укугун коргоо лигасы" да көтөрүп, кызды коргоого алганын жарыялады. Уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар кыздарды сексуалдык зомбулуктан коргоо үчүн чараларды күчтөндүрүү зарылдыгын айтууда.

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

"Майыптыгы бар кыздар сексуалдык зомбулукка көп дуушар болушат. Алар өздөрү айта албайт, көбүнчө боюнда болуп калганда билинет. Болбосо билинбей кала берет. Коомчулук атайын укук коргоочу органдар менен чогуу мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды сексуалдык зомбулуктан коргоо чараларын кайра карап чыгып, күчтөндүрүү кажет".

Кыргызстанда 34 миңге чамалуу баланын майыптыгы бар. Алардын басымдуу бөлүгү кыздар.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG