Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

"Биздин тасманы көргөндөр ала качууга каршы турат"


Актриса Мадина Талипбек. 27-март, 2022-жыл. "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи.
Актриса Мадина Талипбек. 27-март, 2022-жыл. "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи.

Кыргызстандык актриса Мадина Талипбек Лос-Анжелес шаарында "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземине катышты. Ал тартылган “Ала качуу - Take and run” тасмасы "Эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма” номинациясында абройлуу сыйлык үчүн ат салышты. Мадина "Азаттыкка" кино дүйнөсүнүн дөө-шаалары катышкан салтанаттуу азем тууралуу айтып берди.

- Мадина, "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземиндеги атмосфера кандай болду, толкундансаңыз керек?

-Баардыгы мен ойлогондон да укмуш кооз уюштурулуптур, мага түштө көргөндөй эле сезилди. Албетте, кино жаатына тиешеси бар ар бир адам менимче "Оскар" сыйлыгын тапшыруу салтанатына катышууну кыялданат. Менин да тилегим болчу. Бирок ал ушунчалык тез ишке ашарын ойлогон эмесмин. Мен тартылган "Ала качуу – Take and Run" тасмасы “Оскардын” кыска тизмесине кирип, ушундай мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө абдан сүйүндүм.

Адашпасам, биз Алина Турдумаматова экөөбүз "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземине катышкан алгачкы кыргызстандыктар болдук окшойт. Толкундандым, кубандым. Бул жолку салтанат Украинадагы окуялар маалында өткөндүктөн, ал жакта курман болгондордун элесин аза күтүп эскеришти. Айрым коноктор сары-көк тасмаларды тагынып келишти.

- Быйыл "Оскар" сыйлыгына татыган тасмалар, актер-актрисалар тууралуу эмне айта аласың? Кимдер жеңет деп ойлодуң эле?

-Биздин тасма жеңишке жетпей калганы өкүнүчтүү. Бирок бул жалпы команда үчүн чоң тажрыйба болгонун айта алам. Биздин фильм катышкан номинацияда "Узакка созулган коштошуу" фильми утту. Ал дагы абдан татыктуу тасма деп эсептейм. Мен мыкты мультипликациялык тасма аталган "Энканто" үчүн кубандым. Ал күткөндөй эле жеңди.

«Ала качуу – Take and Run» тасмасынын командасы менен.
«Ала качуу – Take and Run» тасмасынын командасы менен.

- Бул жолку аземде эсте каларлык эң чоң окуя актер Уилл Смиттин алып баруучуну жаакка чаап жибергени болду окшойт. Ошол маалда залдын реакциясы кандай болду? Сен өзүң аны кандай кабыл алдың?

- Ошол секундда отургандар эмне болгонун түшүнбөй калды окшойт, зал тымтырс боло түштү. Мен агрессияга каршымын. Бардык нерсени зордук-зомбулуксуз чечсе болот.

- "Оскарга" көрсөтүлгөн тасмадагы ролуң тууралуу айтып берсең?

-Мен ала качууга дуушар болгон башкы каарман Сезимди куткарууга жардам берген Аксана деген кыздын ролун аткардым. Аксана өзү бир кезде ала качууга дуушар болуп, өз күчү менен качып чыккан. Ошондуктан ал Сезимге колунан келишинче жардам берет.

- "Ала качуу – Take and Run" тасмасынын режиссеру Мария Брендл «Азаттык» менен болгон маегинде бул тасма аркылуу дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандагы ала качуу көйгөйүн жеткирүүнү көздөгөнүн айткан эле. Режиссер өз максатына жете алдыбы?

- Мария тарткан тасмадан кийин Кыргызстандагы бул көйгөй тууралуу дүйнөдө көп адам билди деп ойлойм. Эгер биздин фильм "Оскар" алса, мындан да көпкө жетмек. Азыр биздин команда тасманы ондогон мамлекетте, анын ичинде Кыргызстанда дагы көрсөтүүнү көздөп жатат. Бул фильмди көргөндөн кийин көптөр ала качууга байланыштуу көз карашын өзгөртүп, мындай кылмыштын курмандыктары болбойт эле деп үмүттөнөм.

Ала качууга дуушар болгон кыздын тагдыры баяндалган тасманы немис режиссеру Мария Брендл 2017-жылы тартып баштап, дээрлик үч жылдан кийин аягына чыгарган.
Мадина Талипбек Кыргыз-түрк "Манас" университетинин театралдык искусство бөлүмүн аяктаган. Ал буга чейин ондогон жергиликтүү жана бир катар борбор азиялык тасмаларга тартылган. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде кыргыз-өзбек режиссерлору биргелешип тарткан "Делбирим" деген тасмадагы Аселдин ролу үчүн Ташкентте "Мыкты актриса" наамына татыган.
Мадина Талипбек
Мадина Талипбек

Мадина Талипбек ошондой эле театрда да бир нече спектаклде ойногон. Улуттар Уюмунун балдар кору - ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы ыктыярчысы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG