Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:16

Мадина Талипбек Өзбекстандагы фестивалда "Мыкты актриса" аталды


Мадина Талипбек, "Делбирим" фильминдеги образы.

Кыргызстандык Мадина Талипбек Өзбекстандагы PROlogue-2018 эл аралык кинофестивалында “Мыкты актриса” наамына татыктуу деп табылды. Бул номинация ыйгарылганын Талипбек өзү жана өзбекстандык кино ишмерлери социалдык тармактарда 30-ноябрда кабарлашты.

Интернетке ыйгарылган дипломдордун сүрөттөрү жүктөлгөнү менен фестивалдын расмий сайты азырынча жеңүүчүлөрдүн аты-жөнүн чыгара элек.

Кыргыз-өзбек киночулары чогуу тарткан "Делбирим" тасмасында Мадина Аселдин ролун жараткан. Фильм Кыргызстанда 6-декабрда чоң экрандарга чыгат. Тасманын кыргыз тилиндеги версиясы 5-декабрда Бишкектеги "Космопарк" кинотеатрында жабык көрсөтүлүп, ага өзбекстандык актерлор да катышат.

PROlogue — Эл аралык кинофестивалы Өзбекстанда негизделип, төртүнчү ирет өттү. Фестивалдын сайтындагы кабарга караганда, быйыл 60 өлкөдөн 289 тасма сунушталган. Андан сегиз толук метраждуу, 14 кыска метраждуу, тогуз улуттук (Өзбекстанда тартылган) кыска фильмдер сынакка өткөн.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG