Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

"Делбирим" фильминин кыргызчасы 6-декабрда көрсөтүлөт


Башкы каармандарды ойногон артисттер - Адиз Ражапов жана Мадина Талипбек.
Башкы каармандарды ойногон артисттер - Адиз Ражапов жана Мадина Талипбек.

Кыргыз-өзбек киночулары чогуу тарткан "Делбирим" тасмасы Кыргызстанда 6-декабрда чоң экрандарга чыгат. Тасманын кыргыз тилиндеги версиясы 5-декабрда Бишкектеги "Космопарк" кинотеатрында жабык көрсөтүлүп, ага өзбекстандык актерлор да катышат.

Ал эми өзбекчеси Өзбекстанда 17-ноябрда бери көрсөтүлүп жатканын кинону жараткан топ маалымдады.

Фильмди Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги менен бирге Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” ("Кызыл жоолук жалжалым") повестинин негизинде тартты.

Көркөм фильмде башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдин ролуна өзбекстандык актерлер Адиз Ражапов менен Улукбек Кадыров, Асел менен Кадичанын ролуна кыргызстандык актрисалар Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы тандалган.

Тасма быйыл Өзбекстандын Наманган, Ташкент облустарында, Кыргызстандын Ысык-Көл дубанында тартылды. Тасма тартуучулардын айтымында, чыгарманын мазмуну ошол бойдон калган, бирок кино бүгүнкү заманда болуп жаткандай сүрөттөлөт.

Фильмдин сценарийин жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова жазган, ал эми режиссеру - өзбекстандык Сарвар Каримов.

Эки тараптуу кызматташтыкты кыргызстандыктар сунуш кылып, “Делбиримди” тартуу демилгесин өзбек тарап көтөргөн. Кыргыз актерлоруна эмгек акыны "Дан" продюсердик борбору, өзбек актерлоруна "Узбеккино" төлөйт.

XS
SM
MD
LG