Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Кыргызстанда өткөн жылы 300дөй бала сексуалдык зомбулукка кабылган


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдардын зомбулугу боюнча 3034 иш тергелип, анын 534ү сотко өткөрүлгөн. 1854 иш кыскартылган. Милициянын маалыматында өткөн жылы 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылган. Мындай статистика 4-мартта Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясынын жыйынында айтылды.

Жыйында балдарга карата жасалган зомбулук боюнча Ички иштер министрлигинин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы угулду. Талкууда фракция лидери Марлен Маматалиев балдарга карата кылмыш жасагандарга жазаны күчөтүү сунушталып жатканын билдирди.

3-февралда Сокулук райондук аймактык ооруканасына бир жаштан өткөн наристе денесиндеги көгала тактар менен жеткирилген. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG