Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Президент Жапаров айымдарды куттуктады


Бишкек. 7-март, 2022-жыл.
Бишкек. 7-март, 2022-жыл.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Президенттин куттуктоо сөзүндө кыргыз тарыхында аялдар мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошконун белгилеп, учурда дагы аялдар экономикалык жана саясий иштерде ийгилик жаратып жатканы айтылат.

"Кыргыз элинин тарыхында аялзат өз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошуп келген. Бүгүнкү күндө да аялзатынын катышуусуз экономикалык жана саясий кайра курууларды ийгиликтүү ишке ашырууну, элибиздин руханий дөөлөттөрүн кайра жаратууну жана өркүндөтүүнү, коомдун адептүүлүгүн бекемдөөнү жана улуттук мүнөздүн өзгөчөлүктөрүн — нарк-насилибизди сактоону элестетүү мүмкүн эмес", - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Кыргызстанда 8-март жылнаамада кызыл менен белгиленген. Өлкөнүн булуң-бурчунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар өтөт.

8-мартта Бишкекте “Тынчтык. Март. Марш” деп аталган аялдардын укугуна арналган жүрүш өтөрү кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен. Ошондон тарта аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет.

Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук да күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан былтыр кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп. Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG