Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

"Соцтармакка жазганым экспертизада". Блогер сурак берүүдө


Адилет Али Мыктыбек
Адилет Али Мыктыбек

Блогер, көз карандысыз Next TV телеканалынын кызматкери Адилет Али Мыктыбек Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө күбө катары эки жолу сурак берип чыкты.

Адилет Али Мыктыбек Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында күбө катары 11-апрелде сурак берип чыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык баш аламандыктар") менен козголгон кылмыш иши боюнча суралганын айтууда. Суракта ага Next TV телеканалы боюнча да суроолор берилгенин билдирди.

"Кечки саат алтыларда кирип, он бирде чыктым. Фейсбуктагы баракчама жазган постторумдун көбү скриншот болуп көчүрүлгөн жана видеолор топтолгон том бар экен. Аны мага көрсөтүштү. Бирок баарын окуткан жок. Күбө катары сурадык деп айтышты. Ошол эле маалда “кылмыш ишин козгоо” тууралуу да жазылыптыр. Мен тергөөнүн корутундусуна макул эмесмин деп кол коюп бердим”.

Милициянын Адилет Али Мыктыбекке карата сурагы 12-апрелде дагы уланды. Бул жолу ал адвокаты менен чогуу барганын билдирди.

"Социалдык тармактарда жазгандарым экспертизага кеткен экен. Анын жыйынтыгы менен кайра суракка барышым мүмкүн", - деди ал.

Милиция аны 11-апрелде суракка алынганын ырастап, бирок кайсы иш боюнча суралганын тактаган жок.

“11-апрелде ал жаран Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Анын катышуусу менен тиешелүү тергөө амалдары жүргөн. Андан соң ал кайра да суракка келүү убадасы менен коё берилген”, - деди мекеменин басма сөз катчысы Алмаш Бекбоева.

Блогер өзү муну куугундук катары баалап жатат. Ал соңку учурда Next TV телеканалында иштеп жатканын айтууда. Адилет Али Мыктыбек блогер катары да Фейсбуктагы баракчасынан Бишкекте өткөн ар кандай митинг, акцияларды түз эфирде көрсөтүп жаткан.

Next TVнын жетекчиси эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Өткөн айдын башында УКМК Next TV телеканалына кылмыш ишин козгогон. Ушул күндөрү редакциянын кеңсеси жабык турат.

Буга 2-мартта Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаев Фейсбуктагы баракчасына "Кыргызстан менен Тажикстан Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти" дегенин Next TV социалдык тармактагы баракчасына жарыялаганы себеп болгон.

Иш боюнча каналдын бардык кызматкерлери УКМКда сурак берип чыккан. 5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган.

Өмүрбек Сатаев
Өмүрбек Сатаев

“Адилет өзү блогер жана штаттан тышкаркы кабарчы катары Некст ТВда иштейт. Керек учурда бизге маалымат топтоп берет. Биздин телеканалды УКМК жапкан. Азыр кеңсебиз бек турат. Менин оюмча, бул бир гана бир гана биздин телеканалга эмес, жалпы медиаларга басым жасоо, коркутуу болуп жатат”, - дейт телеканалдын продюсери Өмүрбек Сатаев.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым катары баалады. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуп, эрежелерди сактоо керектигин билдирген.

“Ар бир адам өзүнүн оюн айтканга укуктуу. Бирок такталбаган, туура эмес маалыматтарды таратууда этият болуш керек. Сүйлөп жатканда анын кесепети башкаларга тийбейби, кийин жоопкерчилиги кандай болот деп ойлонуш керек. Сөз эркиндиги деп эле оюна келгенин айта берген болбойт”,-дейт коомдук ишмер Туратбек Мадылбеков.

Next TV телеканалына саясатчы Равшан Жээнбеков ээлик кылат. Ушул тапта саясатчынын өзү, карындашы, жардамчысы, ал ээлик кылган телеканал жана анын директору кылмыш иши боюнча айыпталууда. Жээнбеков бул иштерди түздөн-түз саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет. Атайын кызмат саясатчынын айыптоосуна жооп берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG