Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:57

Журналисттердин Этикалык кодекси өзгөрдү


Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодекси.
Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодекси.

Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссиянын курамы жаңыланып, журналисттердин Этикалык кодексине толуктоолор киргизилди.

Комиссиянын чечими юридикалык күчкө ээ болбогону менен ушуга чейин айрым нааразы болгон тараптардын ишин сотко жеткирбей, ич ара чечишип алуусуна шарт түзүп берди. Ал эми акыркы жылдары социалдык тармактардын журналистикадагы орду арткандыктан кодекске кошумча түзөтүүлөрдү киргизүүгө туура келди.

Комиссиянын жаңы курамы

Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссиянын курамы жаңыланып, ага журналисттерден алты, жарандык коом жана медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн жети киши кирди. 13 адамдан турган жаңы курам 23-мартта Бишкекте өткөн медиа форумда жабык добуш берүү менен отуздай талапкердин арасынан тандалды.

Комиссияга журналисттерден Семетей Аманбеков, Али Токтакунов, Асел Сооронбаева, Өмүрбек Сатаев, Кайыргүл Урумканова жана Дилбар Алимова кирди. Жарандык коом жана медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн Тамара Валиева, Авланбек Жумабаев, Нургүл Абдыкеримова, Алмаз Исманов, Данияр Садиев, Нурбек Токтакунов жана Наргиза Нанакеева бар. Комиссиянын мурдагы жетекчиси Тамара Валиева буга чейин аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

“Комиссиянын буга чейинки курамы 30дай арызды карап чыкты. Алардын көбү ар-намысына шек келтирүүгө байланыштуу. Комиссия бири-бирине нааразы болгон тараптарды элдештирүүгө аракет кылабыз. Журналисттердин этикалык кодексин бузган журналист же жалпыга маалымдоо каражаты жарыялаган материалды төгүндөгөн маалымат чыгарат же кошумча интервью уюштуруп берет. Болбосо материалдын темасын алмаштырган учурлар бар. Мындай шартка макул болбогон арыздануучулар сотко кайрылса болот. Бирок биз тараптарды сотко жеткирбей, тил табыштырууга аракет кылабыз”.

23-мартта Бишкекте өткөн медиа форум.
23-мартта Бишкекте өткөн медиа форум.

Кыргызстанда ар кандай саясий окуяларда жана шайлоодо комиссиянын да иши көбөйөт. Саясатчылар менен коомдук ишмерлер, алардын тарапташтары гезит-журнал, ТВ, радиодого чыккан материалдарга каршы арыз менен кайрылышат. Комиссияга Кыргызстандын ар бир жараны же уюмдар арызданса болот.

Ага мүчө болуу үчүн мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү талапкерлигин койгон эмес. Бардыгы тең менчик, эл аралык маалымат каражаттарында иштегендер жана жарандык коомдун өкүлдөрү. 23-мартта комиссияга мамлекеттик мекемелерден да адамдарды кошуу маселеси көтөрүлдү.

“Жалал-Абад медиа борборунун” редактору Бактыкан Ажымаматова Бишкекте эле кайнап, аймактардагы журналисттердин көйгөйү четте калганына көңүл бурду. Ушундан улам ал аймактардан да өкүлдөрдү кошсо туура болот деп эсептейт.

“Бизде деле журналисттер маалымат таратууда айрым катачылыктарга жол берет. Кээ бир чиновниктер менен пикир келишпестиктер болот. Ушундай учурда комиссиянын мүчөсү ошол аймакта да болсо жакшы болмок. Ошондо маселени тез чечкенге мүмкүнчүлүк түзүлөт эле. Чыныгы жашоо аймактарда кайнап атат да”.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссиянын курамына кирүү үчүн ачык сынак жарыяланат. Бирок аймактардан бир да журналист билдирүү бербегени белгилүү болду.

Комиссиянын буга чейинки үч курамында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынан мүчөлөр иштеген.

Комиссия мүчөлөрү нааразылык айтылган макала же сюжетти Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексинин негизинде карап, чечим чыгарат. Кесиптик этика нормалары бузулган болсо, журналистке же басылмага эскертүү берилет. Эреже бузуу аныкталбаса, арыз берген тарапка аны түшүндүрүшөт. Комиссиянын чечими юридикалык күчкө ээ эмес. Анын мүчөлөрү айлык албайт.

Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексине өзгөртүү-толуктоолор киргизилгенден кийин кол коюу учуру.
Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексине өзгөртүү-толуктоолор киргизилгенден кийин кол коюу учуру.

Этикалык кодекске толуктоолор киргизилди

23-мартта Бишкекте өткөн медиа форумда Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексине да өзгөртүү-толуктоолор киргизилди.

Кодекстин 6-беренесине “Жалпыга маалымдоо каражаттарын коомдун мүдөөсүнө, адамдын жана жарандын укуктарына каршы, согушту, зомбулукту, расалык, улуттук, аймактык, диний жана социалдык, ошондой эле жыныстык, гендердик жана сексуалдык кастыкка үгүттөө максатында пайдаланууга жол берилбейт” деп кошумчаланды. 10-беренеси “журналист белгилүү кишилердин социалдык тармактарда верификациядан өткөн гана баракчасына жарыялаган пикирлерин жаңылык же макалага пайдаланса болот” деп толукталды. Маалымат верификациядан өтпөгөн баракчадан чыкса, журналист аны баракчанын ээсинен такташы керек.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссиянын мурдагы мүчөсү, журналист Толкунбек Турдубаев алымча-кошумчалар тууралуу буларды айтты.

“Колдонуудагы Этикалык кодекс айрым жаңы талаптарга жооп бербей калды. Ошондуктан ага өзгөртүүлөрдү киргизүү муктаждыгы пайда болду. Алардын ичинде Интернет, социалдык тармактарга байланыштуу көп жаңычылдыктар бар. Алардын ичинен адамдардын социалдык тармактарда билдирген ой-пикирлерин чагылдыруу маселеси турат”.

Журналисттердин 23-беренеден турган 2007-жылы кабыл алынып, андан бери 2009, 2012, 2018 жана 2022-жылдары толуктоолор киргизилди. Комиссия ушул кодекстин негизинде иштейт. Ал сунуштама мүнөзгө ээ болгондуктан, андагы кабыл алынган эрежелерди журналисттер өз каалоолоруна жараша аткарышат.

Кыргызстанда эл Фейсбук, Инстаграм жана Твиттерди активдүү колдонот. Мамлекеттик мекемелер жана президент, премьер-министрдин да баракчалары бар. Өлкө башчы Садыр Жапаров коомчулукта талаш жараткан айрым маселелер боюнча социалдык түйүндөрдө утур-утур түшүндүрмө берип турат. Айрым саясатчылардын соцтармактагы баракчасында верификациясы жок болгондуктан, билдирүүнү баракчанын ээси өзү жазган-жазбаганын да аныкташ кыйын.

Медиа эксперт Марат Токоев журналисттер кетирип жаткан айрым кемчиликтерге токтолду.

“Бизде эң көп кетирилген ката – бул экинчи тараптын пикири берилбей калат. Экинчиден, маалыматты тактабай туруп шашылыш эле жарыялап жиберген учурлар бар. Ошондой эле факты менен пикирди алаштырып жиберишет. Фактынын ордуна журналисттер жеке пикирин факты катары берип коёт”.

Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттер арасында сөз эркиндиги алда канча алдыңкы орундагы өлкө катары саналат. Бирок жыл башынан бери Kaktus.media, Next TV сыяктуу менчик медиаларга, иликтөөчү журналист Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровго козголгон иштер коомчулуктун тынчсыздануусун жаратты.

Лондондогу The Economist Intelligence Unit (EIU) уюмунун демократия тууралуу дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан соңку бир жылда сегиз орунга артка кетип, авториардык режими бар өлкөлөрдүн катарына кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG