Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Медиа уюмдар Кыргызстандагы сөз эркиндигине тынчсызданган билдирүү таратты


Болот Темиров кармалган учурда тартылган сүрөт. 23-январь, 2022-жыл.
Болот Темиров кармалган учурда тартылган сүрөт. 23-январь, 2022-жыл.

Кыргызстандагы медиа уюмдар өлкөдө сөз эркиндиги жана жарандардын конституциялык укуктары коркунучка кабылды деп тынчсызданышууда. Журналистика тармагында эмгектенгендер жана жарандык коом өкүлдөрү 15-февралда ушундай билдирүү таратышты. Ондогон журналисттер, эксперттер жана активисттер кол койгон билдирүү социалдык желедеги баракчаларга жарыяланды.

Алар иликтөөчү журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровдун кармалышына, Kaktus.media басылмасына карата козголгон кылмыш ишине тынчсызданышып, муну сөз эркиндигин тизгиндөө деп баалашууда.

"Укук коргоо органдары биздин көз алдыбызда жазалоочу органдарга айланып, ал эми мамлекеттин аракеттери мыйзамга баш ийген өз жарандарына каршы багытталууда",- деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле бейөкмөт уюмдарды "чет өлкөлүк агент" деп таануу боюнча сунуш өлкөнү жарга такай турганы айтылат.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” деген макам берүүнү сунуштаган. Депутат 10-февралдагы парламент жыйынында V чакырылышта аталган маселе боюнча мыйзам долбоорун жазганын белгилеп, аны кайра карап чыгуу керектигин айткан.

Журналист Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Назаровду милиция быйыл 23-январга караган түнү кармап кеткен жана эртеси күнү кое берген. Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап салып коюшканын айткан. Күч органдары аларды кармоодо мыйзам бузулбаганын билдиришкен.

Январдын аягында Kaktus.media порталы кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу Тажикстандын Asia Plus сайтынын маалыматын көчүрүп жарыялаган окуяга байланыштуу прокуратура басылмага кылмыш ишин козгогон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда басма сөз жыйынында журналисттердин кармалышы, иш козголушу тууралуу пикирин билдирип, тергөө иши бүткөндө баа берилерин айткан.

Лондондогу The Economist Intelligence Unit (EIU) уюмунун демократия тууралуу дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан соңку бир жылда сегиз орунга артка кетип, авториардык режими бар өлкөлөрдүн катарына кошулган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG