Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Бишкекте эки имарат медициналык академиянын карамагына өттү


Президент медициналык билим берүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. 13-апрель, 2022-жыл.
Президент медициналык билим берүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. 13-апрель, 2022-жыл.

Улуттук онкология жана гематология борборунун жана Республикалык диагностикалык борборунун имараты Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өткөрүлдү. Мындан тышкары Ош шаардык клиникалык ооруканасы Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) өткөрүп берилди.

Мындай чечим 13-апрелде президент Садыр Жапаров медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча өткөргөн кеңешмеде кабыл алынды.

Анда кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова ал жетектеген окуу жайдын Академиялык ооруканасын түзүү пландалып жатканын айтты. Ал долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Улуттук онкология жана гематология борборунун бүтпөй калган имаратына 500 млн. сом, Республикалык улуттук диагностика борборуна 200-300 млн. сомго жакын инвестиция тартыла турганын билдирди.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Ош шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоого, окуу жайдын клиникалык базасын кеңейтүүгө үч жылда 1 млрд. 891 млн. сом салуу каралып жатканын маалымдады.

Садыр Жапаров бул долбоорлор кагазда калбай ишке ашышы керектигин, жоопкерчилик эки окуу жайдын ректорлорунда экенин белгиледи.

Кыргызстанда ушул тапта 23 жогорку окуу жай медициналык багыттарда адистерди даярдап жатат. Анын алтоо мамлекеттик. Он жети менчик жогорку окуу жайдын үчөөнүн лицензиясы бар, бирок студенттери жок. Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 15 миң 308, менчик ЖОЖдордо 16 миң 478 чет элдик студент билим алууда. Медициналык окуу жайлардагы студенттердин 77% чет элдиктер түзөт.

Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, алардын 12си талапка жооп бербейт деген чечим чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG