Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Казакстан 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өткөрбөйт


Алматы шаары, 9-май? 2021-жыл
Алматы шаары, 9-май? 2021-жыл

Казакстандын бийлиги быйыл 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүнө жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.

“2022-жылы Казакстан жумуриятынын куралдуу күчтөрүнүн түптөлгөнүнүн 30 жылдыгы жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин урматына аскердик парад уюштуруу пландалган жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, өлкөдө 50 чакты “аскердик-патриоттук иш-чара" өткөрүлмөкчү.

Казак бийлиги 2020-жылы жана былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык абалдан улам парад өткөргөн эмес.

Өткөн жылы ошол кездеги президенттин басма сөз өкүлү Берик Уали Жеңиш күнүнө арналган салтанаттар 2022-жылы өтөрүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG