Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

"Алтын Альянс" булганыч суу Жерүйдөн агып чыкпаганын билдирди


Таластагы Жерүй кени тараптан агып келген суу менен Туш-Ашуу дарыясы кошулган аймак.
Таластагы Жерүй кени тараптан агып келген суу менен Туш-Ашуу дарыясы кошулган аймак.

"Жерүй" компаниясы Таластагы суунун булганышы боюнча 12-мартта билдирүү таратты.

Анда Жерүй кени тараптан агып келген суунун булганышы табигый көрүнүш катары сыпатталган.

"Жамгыр көп жааганда тоодон ылдый аккан суу кирип, кум-ташты агызып келген", - деп жазылган маалыматта.

Мындан сырткары, кендеги өндүрүш тилкеси дарыядан үч жарым чакырым алыс жайгашканын, комбинаттын кайра иштетүүчү комплексиндеги суу айланма түрдө иштегендиктен сыртка агып чыкпай турганын жазылган.

11-апрелде социалдык тармактарда видео тараган. Анда Жерүй кени тараптан агып келген суу менен Түш-Ашуу дарыясы кошулган жерде суу булганыч экенин көрүүгө болот.

2015-жылы Жерүй кенин иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Альянс алтын» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүү үчүн лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын 2021-жылы 17-мартта мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин ачкан. Орусиянын лидери жана ВТБ банктын башчысы Андрей Костин бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышкан.

1969-жылы чалгындалган Жерүй кени Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык анда 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүш запасы бар экени айтылган. (MKt)

XS
SM
MD
LG