Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Кыргызстан дары-дармектин 97% чет өлкөдөн импорттойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин башчысы Канат Бекбоев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанга дары-дармек негизинен отуздан ашык өлкөдөн ташылат. Анда биринчиде Түркия, кийинки орундарды Орусия менен Индия турат. Ошондой эле дары-дармектер көп импорттолгон өлкөлөрдүн катарына Германия, Польша, Словения, Франция Беларус жана Украина кирет.

Бекбоевдин айтымында, былтыр өлкөгө 15,5 миллиард сомдук дары-дармек ташылып, дээрлик 4 миллиард сомго медициналык жабдуу келген.

Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган.

Өткөн айда аталган департамент Кыргызстандын фармацевтика фирмаларында эки-үч айга жете турган дарынын запасы бар экенин билдирген. Анын алдында Министрлер кабинетинде Украина менен Орусияда соңку жагдайга байланыштуу дары-дармек менен камсыздоо маселелери тууралуу кеңешме өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG