Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Asia Mall: Донбасс тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлбөйт


Asia Mall соода-оюн-зоок жайы.
Asia Mall соода-оюн-зоок жайы.

Бишкектеги Asia Mall соода-оюн-зоок жайы Донбасс тууралуу даректүү тасмалардан турган "Чындыктын мезгили" деп аталган кинфестивалды өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу аталган жайдын жетекчилиги "Азаттыкка" билдирди.

Буга байланыштуу кинофестивалды өткөрүп жаткан Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымат бере элек. Элчилик буга чейин бул даректүү тасмалар Бишкектен сырткары Кара-Балта жана Каракол шаарларында дагы көрсөтүлөрүн маалымдаган.

Ага ылайык, фестиваль 15-17-апрель күндөрү өтмөк.

Донбасс тууралуу Орусияда тартылган даректүү тасмалардын көрсөтүлүшүнө Бишкекте бир катар жарандык активисттер каршы чыгып, нааразылык акцияларды уюштурганы жаткан.

Орусиянын президенти Владимир Путин февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамлекеттик Дума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирген.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва ага чейин Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген.

Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG