Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Өзбекстан менен алаканы чыңдоо боюнча депутаттардын өнөктүк тобу түзүлдү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков 13-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукканда билдирди. Анда тараптар парламенттер аралык кызматташууну чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алака-катышты өнүктүрүү багытында пикир алмашты.

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшкөн. Президенттин басма сөз кызматы анда эки тараптуу кызматташуу, аймактагы маселелер талкууланганын билдирди.

“Ошондой эле, Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга пландалган иш сапары эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди. 2022-жылдын 26-27-майында Бишкекте өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Евразиялык экономикалык форумдун жыйынына Мирзиёевдин өзү катышарын күтүп жатканына көңүл бурду", деп айтылган маалыматта.

Былтыр март айында Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барган жана жыйынтыгында 22 документке кол коюлган. Эки өлкөнүн лидерлери чек ара маселелерин эң кеч дегенде үч айда чечүүнү макулдашкан.

Бир айдан кийин, майда Ош облусуна караштуу Өзгөн районуда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялар өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG