Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Райондук соттогу иш Алмазбек Атамбаевдин катышуусусуз өтмөй болду


Алмазбек Атамбаев сотто. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев сотто. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу жана түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштери боюнча соттук отурум айыпталуучунун катышуусуз өткөнү калды.

14-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алынып келген мурдагы президент отурумга катышпай турганын билдирип, бул жолу да айнек тосмону тепкиледи. Жыйынтыгында, ишти карап жаткан судья Мирлан Термечиков Алмазбек Атамбаевди сот залынан чыгарды.

“Бул сот мени кыйнап жатат. Сотту мен жок эле өткөргүлө. Башаламандыкты токтоткула”, - деди Атамбаев.

Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. Бул кылмыш иши Атамбаев 2016-жылы түркиялык 10 атуулга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берген деген шек менен козголгон ишке бириктирилген.

Мектептин курулушунда коррупция болгон деген негизде Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго да кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча 2019-жылы Ленин райондук соту өкүм чыгарып, Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салып, камактан бошоткон.

Ал эми Албек Ибраимов мектеп курулушундагы коррупция жана “Дастан” ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү жемкорлук боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясында абактан чыгып ошол бойдон издөөдө жүрөт.

2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга абакка кескен.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча да айып коюлган.

Мурдагы президент Октябрь окуялары боюнча соттук отурумдарга да катышпай турганын билдирип, сотто айнек тосмону тепкилеген. Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG