Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:01

Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко жетти


Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко келип түштү. Бул тууралуу адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдирди.

Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналууда.

«Атамбаев мектептин курулушу тууралуу кагазга «макулмун» деп кол коюп берген. Бул өкмөттүн чечкен маселеси болчу. Анын үстүнө насыя эмес, Кытайдын грантына курулган. Мектеп Калыс-Ордого эмес, Өзгөнгө же Москва районуна курулушу керек болчу деген негизде иш козгоп жатышат», - деди адвокат.

Калыс-Ордодогу мектептин курулушунда коррупция болгон деген негизде Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго да кылмыш иши козголгон.

Учурда №47 колонияда жаткан Алмазбек Атамбаев 2019-жылы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы башаламандыкка, коррупцияга жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып кетишине байланыштуу да айыпталган.

Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар деп 11 жылга эркинен ажыратылган. «Кой-Таш иши» боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот уланууда.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG