Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөштү


Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр 12-апрелде катталды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр 12-апрелде катталды.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сирожиддин Мухриддин 14-апрелде телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу, аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулады.

Кыргызстандын ТИМи тараткан маалыматта "Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду. Министрлер мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү иштерин улантуу керектигин белгилешти",-деп айтылат.

Кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелде ок атылган окуя катталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул окуяга байланыштуу 13-апрелде кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өткөнүн билдирди. Ага кыргыз тараптан Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган топ катышты. Ал эми тажик делегациясынын жетекчиси Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали болду.

Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашты. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөт.

13-апрелде сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы алгач Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде өткөн, андан кийин тараптар ок атышуу болгон аймакта - Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолуккан.

12-апрелдеги ок атышууда Кыргызстандын алты жараны жараат алганы белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлиги Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатканын билдирди. 23 жаштагы аскер кызматкеринин санына жана таманына октун бөлүктөрү тийген. 30 жаштагы тургун да тизесинен жараат алган. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. 20 жаштагы дагы бир аскер кызматкери тизесинин булчуңун чоюп алса, 50 жаштагы адамдын оң жак жамбашына октун чачырандысы тийген. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.

XS
SM
MD
LG