Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Атамбаевдин чуулгандуу сот иштери


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот отурумдарын анын катышуусуз өткөрүүнү талап кылууда. Бирок, сот Атамбаевди мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды.

“Өмүр бою соттогула, бирок шылдыңдабагыла”

Бир нече оор беренелер менен айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай турганын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып жатат. Ал 8-апрелдеги сот отурумунда арка омурткасы ооруп, отура албай турганын айтып, айнек тосмону тепкилеп ачууланды.

"Мени судья сотко катыштырбайт деп ишенем, анда ушундай укук бар. Өмүр бою кескиле, бирок мени кыйнап, шылдыңдоону токтоткула".

Мындан кийин аны сот залынан алып кетишти. Отурумдун түштөн кийинки бөлүгүндө мамлекеттик айыптоочулар процесс кылмышка шектүүлөрдүн катышуусу менен өтүшү керектигин айтып, кийинки отурумга Атамбаевди катыштырууну өтүндү. Натыйжада, сот кийинки 11-апрелдеги жараянга мурдагы президентти мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарып, анын ден-соолугу боюнча акыркы медициналык чечим жок экенин айтты.

Жактоочу Замир Жоошев анын ден-соолугу жөнүндө медициналык аныктамалары бар экенин айтты.

Буга чейинки соттук жараян учурунда Атамбаев өзүн жаман сезип, аны "Тез жардам" унаасы алып кеткен. Атамбаев аны сотко мажбурлап алып келип жатканын буга чейин дагы билдирген.

"Чоң жаңылыштыгым күч түзүмдөрүнө ишенгеним"

Акыркы сот отурумдарына катышып жаткан Атамбаев журналисттердин суроолоруна берген жоопторунда бийликти сындап, өзүнүн президенттик ишмердүүлүгү жөнүндө да сөз кылууда. Ал азыркы соттук жараяндарды "спектакль", "цирк" деп атап, президент болуп турганда күч түзүмдөрүнө, сот органдарына катуу ишенгенин, бул анын чоң жаңылыштыгы болгонун айтты.

"Күч органдарына, ошого окшогон түзүмдөргө азыраак ишенип, көбүрөөк элге, ошол эле социалдык тармактарга, бейөкмөт уюмдарга, жарандык коомго ишенсем болмок экен. Менин чоң жаңылыштыгым күч түзүмдөрүнө катуу ишенгеним, бир нерсе жазып келсе, ошого ишенесиң. Эгер сен президент болсоң, жай тургундарды, сени менен талашып-тартышкан жарандык коомду көбүрөөк угушуң керек".

Мурдагы президент Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзүн жоюп салбаганына өкүнөрүн жашырган жок.

"Биздин маалыматтар боюнча ден-соолугу жакшы"

6-апрелде парламент депутаты Сеидбек Атамбаев Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, атасы Алмазбек Атамбаевге ырайымсыз мамилени токтотууну өтүнгөн.

Сеидбек Атамбаев.
Сеидбек Атамбаев.

“Он бирине чейин (ред: 11-апрель) күнүгө сот кылып койду. Эки жолу соттон "Тез жардам" алып кетти. Ар бирибизде ата-энебиз бар, мындай кылган болбойт. Сиз дагы убагында бийликке каршы чыккансыз, ошондуктан ишенип жатам. Курманкул Токторалиевич, сизден сураныч, көзөмөлгө алып бериңиз. Жаза аткаруу кызматында камерадан сүйрөп кеткен. Атамдын буту-колу сыйрылганын өз көзүм менен көрдүм”, - деди Атамбаев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев анын тушунда Атамбаевге бир дагы жаңы кылмыш иши козголбогонун белгилеп, "мурдагы президент сот отурумдарын атайын создуктурбастан катышып бериши керек" деди. Башкы көзөмөл органдарын башчысы Атамбаевдин соттук ишинде эч кандай кызыкчылык жок экенин билдирди.

“Сиз өзүңүз дагы жолугуп жатасыз, сотко алып келүү боюнча жакшы түшүндүрсөңүз. Ал киши мамлекетти башкарган. Козголгон кылмыш иштердин баарысы мурда болгон. Бир дагы кылмыш ишин мен козгогон эмесмин. Урматтуу депутаттар калыс бололу, эгерде соттолуучу сыртта жүрүп сотко келбей койсо мажбурлап алып келүү чечими чыгарылат. Камакта жаткан адам ким болбосун алып келинет. Сотко катышып берсин, биздин маалыматтар боюнча ден-соолугу жакшы. Комиссия менен текшертүү жүргүзүүгө ал киши өзү баш тартып жатат. Эгерде ден-соолугу боюнча болсо, дарыгерлерге көрүнсүн. Ошого жараша чечим чыгаралы. Бул жерде эч кандай кызыкчылык жок. Кылмыш иштер боюнча 60 жолу отурум болуптур, ошонун бирөөсүн дагы баштатпай жатат”, - деди Зулушев.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча Фейсбукка пикирин жазып, "Атамбаевдин ишинде өч алуу жок экенин" айтып, "мыйзам алдында баары бирдей" экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин эскерткен.

Ал эми Атамбаев буга жооп кылып, соттон качпаганын, сот отурумдарына катышпай келгенин ден соолугунун начарлашына байланыштырып, "сурак же сотко барганда деле эч нерсе өзгөрбөй турганын" айткан.

Атамбаевге коюлган айыптар

Алмазбек Атамбаевге 2019-жылдан баштап жалпы 7 кылмыш иши козголуп, бирөөсү боюнча чечим чыкты. Калгандары үч соттук өндүрүшкө бөлүнүп Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

  • “Батукаев иши”

2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси бузулуп, 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу кылмыш иши тергелип баштайт. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы “коррупция” беренеси коюлат. 2020-жылы июнь айында Атамбаев 11 жылга соттолгон.

Ошол жылы Октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттарынын кайрылуусу менен Жогорку сот Батукаев ишин кайра кароого жөнөтөт. Бирок, 2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген. Процесс дагы уланып, быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырып, Батукаев ишине чекит коюлду.

Жактоочусу Замир Жоошевдин жана буга чейинки укук коргоо органдырынын берген маалыматы боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан иштер.

  • Кой-Таш окуясы

Алмазбек Атамбаевди “Батукаев иши” боюнча кармоо операциясы 2019-жылы август айында анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. 13-августта ошол кездеги башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилгенин билдирген. Жалпысынан бул үчүн Атамбаевдин тарапташтары болгон 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

  • ЖЭБди модернизациялоо

2019-жылы июнь айында Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп, тергелип жатканы белгилүү болгон. Атамбаев кармалгандан кийин айыбы угузулган.

Аскер прокуратурасынын тергөө тобунун буга чейинки берген маалыматы боюнча Атамбаев Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөдө коррупцияны уюштуруу - Жазык кодексинин 43-319-беренелеринин 2-бөлүгү («Кылмышка аралашуу» жана «Коррупция») менен шектүү катары өтүп жатат. ЖЭБ боюнча мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир нече жогорку кызмат адамдар соттолгон.

Бишкектин Жылуулук электр борбору. 9-январь, 2020-жыл.
Бишкектин Жылуулук электр борбору. 9-январь, 2020-жыл.
  • Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча

2019-жылы 16-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Атамбаев Жазык кодексинин “Кылмышка аралашуу” жана “Коррупция” беренелери боюнча айыпталып жатканын маалымдаган. Башкы көзөмөл органдын кабарлашынча, айрым мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкелеринин мыйзамга каршы аракеттеринин натыйжасында Атамбаев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы “ТНК Дастандын” мыйзамсыз алган жерин дагы 2,7 гектарга кеңейткен. Андан тышкары стратегиялык объектиге кирген жерди алуу үчүн Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов жана башка жооптуу кызматкерлер менен туруктуу коррупциялык топ түзгөн.

Жогорудагы үч иш сотто бириктирилип каралууда

Ал эми Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулуш жана түрк жарандарына жарандык берүү кылмыш иштери бириктирилген.

2021-жылы январь айында Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналып жаткан иш сотко өткөн. Бул иш боюнча экс-мэрлер соттолуп, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айыпка жыгылып, камактан бошотулган.

Райондук сот бул кылмыш иши боюнча соттолуп жаткандардын ичинен Албек Ибраимовдон башка 11 соттолуучуну сот залынан бошоткон. Ибраимов мектеп курулушундагы коррупцияга жана «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.

  • Орхан Инандынын уурдалышынан улам козголгон иш

2021-жылы 54 жаштагы "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды былтыр 1-июнга караган түнү жоголгон эле. Аны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда жарыялаган.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген. Андан көп өтпөй Орхан Инандыга жана башка түрк жарандарына "мыйзамсыз жарандык берүү" боюнча өзүнчө иш козголгон. Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго айып тагылган.

  • Жаңы бийликтин тушунда козголгон иш

2020-жылы 6-7-октябрь күндөрү бийлик алмашкан окуяларда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон камактагы бир топ саясатчы абактан чыккан. 9-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында митинг өткөрүшөт.

Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековду жактаган күчтөр кайра бийликке кайтып келүүгө аракет кылып жатканын, Жээнбековду өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырган.

10-октябрда Атамбаев баш болгон анын бир нече тарапташтары кармалып, милиция ошол эле күнү Жазык кодексинин 264-беренеси («Массалык башаламандык») боюнча иш ачып, сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Атамбаевди бардык айыпты четке кагат

Атамбаев жогоруда айтылган айыптардын баарын четке кагып келет. Ал сот отурумдарында “менин жүйөлөрүм эч нерсе чечпейт” деп, соттун суроолоруна жооп берген жок.

Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Жамин Акималиев Атамбаевдин саясий тагдыры өлкөдөгү мындан кийинки мамлекет башчыларына чоң сабак болушу керек деген ойдо.

"Атамбаевдин саясий тагдыры бир дагы башчынын башына келбесин. Анын сабагы кийинкилерге абдан зарыл. Ал президент болду, колдон келишинче иштеди. Бирок, каталарды көп кетирди. Башында жакшы баштап, кийин авторитардык жолго түштү. Баарын мен башкарам деп туруп алды. Жээнбековду президент кылаарда көпчүлүк каршы чыкты. Ага карбай ал шайланды. Бирок, анда дагы Атамбаев жөн жаткан жок. Ошентип, өзү алып келген киши Атамбаевди камаганы трагедия. Мунун баарын көрүп туруп, кийинкилер сабак алса дейм", - деди Акималиев.

2005-жылдагы Жоогазын ыңкылабынан кийин Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиевдин бийлиги маалында эки жолу өкмөткө барган. Биринчисинде, 2006-жылы Өнөр жай, соода жана туризм министри болуп барган Атамбаев жети айдан кийин "Бакиевдин өкмөтү кылмышкерлерди колдоп жатат" деп күнөөлөп, кызматынан баш тарткан. Атамбаевди экинчи ирет Бакиев өз өкмөтүнө премьер-министр кылып, 2007-жылы алып барган. Мындай кадамы аркылуу Бакиев өзүн оппозиция менен эсептешерин билдиргиси келсе, Атамбаев оппозиция менен бийлик ортосуна көпүрө болгусу келген.

Бул чечим оппозиция “Реформа үчүн” кыймылын түзүп, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева баштаган саясатчылардын айланасына реформачыл күчтөр биригип турган кезде кабыл алынган эле.

Премьер-министрлик кызматтан кеткенден кийин 2009-жылдагы президенттик шайлоого чейин саясаттан оолак болду. Ал эми президенттик шайлоодо 8 пайыздан ашыгыраак добуш алган.

Атамбаев өзүнүн санаалаштары менен Бакиевдин бийлигине каршы кайрадан президенттик шайлоодон кийин “Бириккен элдик кыймылга” кошулган. Президенттик кызматка 2010-жылдагы кандуу Апрель окуяларынан кийин, 2011-жылдын аягында жаңы Конституциянын негизинде шайланып келген. 2017-жылы өзү “саясаттагы досум” деген Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоого чыгарып, сүрөгөн. Жыл айланбай аны сындап чыккан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG