Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:11

Октябрь окуясы: Атамбаев сотко алып келинди


Соттук отурум. 4-апрель, 2022-жыл
Соттук отурум. 4-апрель, 2022-жыл

Октябрь окуясы боюнча 4-апрелдеги соттук отурумга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Жараяндын соңунда ал өзүн начар сезип жатканын билдирип, "Тез жардам" алып кетти. Буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга Атамбаевди күч менен алып келүү аракети болуп, анын аягы чыр менен аяктаган.

Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча ишти кароо уланып, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мажбурлап алып келинди. Атамбаев бул ирет журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ага жасалып жаткан мамилени "майдачылдык" деп атады.

“Кээ бирде Садыр Жапаровдор бирөөнүн алдында милдеттемелерин аткарып жатабы деп ойлойсуң. Мен өзүм таң калып жатам. Ушул жумада күчөтүп жатканы 7-апрелдин алдындабы? Атамбаев тирүү кезде Максим, Жаныш Бакиевдерди алып келиш кыйын болобу, мен билбейм. Майдачылык деп айтаар элем”.

Соттук отурумдун аягында мурдагы президент өзүн жаман сезгенин айтып, "Тез жардам" чакырылып, аны алып кетти.

Атамбаев бул иштен тышкары Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинде дагы айыпталуучу катары өтүп жатат. Ал иштин алкагында 23-мартта сотко мажбурлап алып келүү аракети болуп, жараат алып, денеси көгөргөнүн жакындары, адвокаты айтып чыгышкан.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров буга Фейсбуктагы баракчасы аркылуу пикирин билдирген. Ал мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин айткан.

"Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо сот жараянын жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок. Каалаган журналисттер, блогерлер кирип, түз эфир дагы жасаса жакшы болмок. Эл дагы соттун жүрүшүнө назар салып турмак. Кой-Таш окуясы эч кимге деле жашыруун эмес го?".

2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагынбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин "Ала-Тоо" аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген.

Ушул эле иш боюнча мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановго карата да кылмыш иши козголуп, бирок өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Учурда Октябрь окуясы боюнча кылмыш иши менен Фарид Ниязов гана камакта отурат. Кылмыш ишинде фигурант катары өтүп жаткан жарандар тандалма мамиле жасалып жатканын айтып келишет.

“Биз соттук отурумду бир айыпталуучу жок баштап жатабыз. Айыптоо текстинде Атамбаев, Султанбеков, Бабанов уюштурган деп өтө көп жазылган. Бабанов кайда? Ал чет өлкөдөн дарыланып келип жатат, президенттин иш-чарасына катышып жатат. Абдан жакшы көрүнөт. Ал соттук отурумда болушу керек эле”, - деди Темирлан Султанбеков.

Октябрь окуялары боюнча айыпталып жаткан саясатчылар тергөөнүн жүрүшү менен макул эмес экенин билдирип жатат. Алар бул иш боюнча сурала турган адамдар көп экенин, элдик толкундоонун жардамы менен Садыр Жапаров бийликке келгенин айтышууда. Президент бул тууралуу сынга бир канча жолу жооп берген. Ал бийликти мыйзамдуу жол менен колго алганын, ошол учурда бөлөк саясатчылар мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылганын айткан.

Ал тапта Октябрь окуясы боюнча соттук отурумда адвокаттар судья Убайдулла Сатимкуловго ишенбөөчүлүк көрсөттү.

“Бул судья калыс болуп бере албайт. Анткени Октябрь окуялары боюнча өзү тергөөнүн капканына түшүп калган. Дегеним, 2020-жылы 6-октябрда өзү карап жаткан иш боюнча бир адамды мыйзамсыз камактан чыгарып салган. Ошол боюнча суракка чакырылган, бирок мен судьямын, сурасаңар болбойт деп Октябрь окуялары боюнча Азамат Жумабаев деген тергөөчүгө арыз жазган. Ал киши судьяны сурактан бошоткон. Биздин оюбузча, Октябрь окуялары боюнча тергеп туруп сага беребиз, сен бизге керектүү чечим чыгарасың деп бошоткон. Ошондуктан судья калыс болуп бере албайт деп эсептейбиз”, - деди адвокат Замир Жоошев.

Алмазбек Атамбаев жана анын адвокаттары соттук иштерди атайын созуп жатат дегендер дагы бар. Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишиндеги жабырлануучу, каза болгон офицердин апасы Өктөм Мамаева “Атамбаевдин шылтоосунан” улам 1 жыл 3 айдан бери сот боло элегин билдирген.

Юридика илимдеринин кандидаты Темирбек Нурматов бул иш боюнча пикирин билдирди:

“Бардыгыбыз мыйзамды сактап, сыйлашыбыз керек. Болбосо "ооруп атам, антип атам, мынтип атам" деп жүйөлүү себептер табыла берет экен да. Соттун астына барып укугуңду коргоп, сот талап кылган маалыматты берип, ак экениңди далилдеш керек. Андан башка кандай жол бар? Сотко ишенбейм деп элдин бары барбай баштаса эмне болот?”.

Октябрь окуялары боюнча мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков баштаган ошол учурдагы жогорку бийлик жетекчилерин жоопко тартуу талабы дагы айтылып келет. Ал маалда атайын кызматты жана Ички иштер министрлигин жетектеп турган Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиевден али күнчө дайын жок.

Бийлик алмашууга алып келген 2005-2010-жылдардагы элдик толкундоолордон айырмаланып, 2020-жылы болгон Октябрь окуяларына саясий баа дагы бериле элек.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG