Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Атамбаевдин Кой-Таштагы жери боюнча сот жүрүп жатат


Алмазбек Атамбаев сот залында. Сүрөт GOVORI.TV каналын видеосунан алынды.
Алмазбек Атамбаев сот залында. Сүрөт GOVORI.TV каналын видеосунан алынды.

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция маселесине байланыштуу иш каралууда.

Атамбаев сотко катышып жаткан айыптоочу тарапты толук четтетүү тууралуу өтүнүч киргизди. Судья Мирлан Термечиков бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.

Атамбаев ага карата айыптоо документтерине сотко катышып жаткан прокурорлор эмес, алардын жетекчилери кол койгонун, андыктан алар өзүлөрү көзмө-көз отуруп катышуусу керек экенин айтты.

Жактоочу Замир Жоошев мурдагы президентке коюлган айыптоо негизсиз экенин билдирди:

«Аны өз акчасына мыйзам чегинде сатып алган. Айыптоонун баары ойдон чыгарылган».

Прокуратура Атамбаев Кой-Ташта мурда «Дастан» ишканасына таандык 2,7 гектар жерге ээ болууда жемкорлукка барганын маалымдаган.

Мындан тышкары мурдагы президент Кой-Ташта 2019-жылы бир офицер окко учкан окуя үчүн жана Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция тууралуу иш боюнча да айыпталууда. Ал эми кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча ал 11 жылга эркинен ажыратылган. Бул иштер өзүнчө каралып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG