Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:11

Президенттин иш башкармалыгы "Манас айылы" боюнча комментарий берди


“Манас айылы” комплекси. 14-апрель, 2022-жыл.
“Манас айылы” комплекси. 14-апрель, 2022-жыл.

Президенттин иш башкармалыгы “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жери боюнча түшүндүрмө берди.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлагандай, “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна жаңы административдик комплекстин курулушу башталып жатат.

Ал жерди түздөө үчүн “Манас айылы” комплекси жайгашкан аймактын 5 сотых жери алынууда.

Курулуш иштерине тоскоолдук жараткандыктан “Манас айылы” менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор жок кылынган. Мекеме, комплекстин жери президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык экенин кошумчалады.

Иш башкармалык “Манас айылынын” имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбей турганын, келечекте комплекстин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү планы бар экенин билдирди.

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында да көтөрүлгөн.

Ушул тапта “Манас айылы” комплексинин абалы начар. Аны куруу иштери 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG