Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Кыргыз-өзбек фондунун алкагында 350 долбоорду ишке ашыруу сунушталат


Эки өлкөнүн желеги.
Эки өлкөнүн желеги.

Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров 14-апрелде Бишкекте Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун ачылышында билдирди. Ал фонддун азыркы баштапкы капиталы 50 миллион долларды түзгөнүн, келечекте 200 миллион долларга чейин жеткирилерин айтты.

“Эки өлкөнүн алакасына жакшы таасир эткен бул фонд иштей баштаса, 350 долбоорду ишке ашыра алабыз деп турабыз. Бул долбоорлор толук иштелип чыккан. Фонддун каражаты азырынча өзбек тарапка таандык, бирок алдыда биз дагы салым кошобуз деп турабыз”,-деди Сабиров.

Кыргыз-өзбек фондунун башкармалыгынын жетекчиси Азиз Аалиев бөлүнгөн 50 миллион долларды бир жылдын ичинде өздөштүрүү, анын ичинде Кытайдан Фергана өрөөнүнө товар ташуу максатында Кызыл-Кыя шаарында логистикалык борбор куруу каралып жатканын билдирди.

Фонддун ачылышына Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Сардор Умурзаков катышты. Ал соңку жылдар эки коңшу мамлекеттин алака-катышы жаңы деңгээлге чыкканын айтты.

Кыргыз-өзбек фондун түзүү тууралуу былтыр жазында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барганда макулдашылган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG