Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Депутаттар кыргыз-казак чек арасындагы тыгынды чечүүнү талап кылды


ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана уюмдун желеги.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана уюмдун желеги.

Жогорку Кеңеште Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу тууралуу маселе көтөрүлдү. 14-апрелдеги жыйында депутат Айбек Осмонов Казакстандын чек арасында эки аптадан бери оор жүк ташыган машинелер топтолуп турганын айтты:

“Беш чакырымга созулган узундукта биздин фуралар турат. Ошол жерде кафе да, соода күркөсү да жок экен. Үйүнөн тамак ташып отурат экен. Бул эмне деген нерсе? Биздин өкмөт эмне кылып отурат? Барып чечпейби. Азыркы күндө элибизге керектүү товарлар бар анын ичинде. Анда эмне үчүн биз ЕАЭБге кирдик? Болбосо чыгып кетиш керек мындай мамиле кылса”.

Казакстандын чек арасындагы фуралар маселесин депутат Тазабек Икрамов да көтөрүп, Евразия экономикалык комиссиясында иштеп жаткан кыргызстандык өкүлдөрдү “үн катпай жатат” деп сындады.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

Айдоочулар чек арадагы тоскоолдуктарга нааразылыгын байма-бай айтып келишет.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдигин түзгөн, ал уюмга 2015-жылы Кыргызстан менен Армения кошулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG