Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Алматы соту оппозициялык активист Жанболот Мамайды камакта калтырды


Жанболот Мамай Алматыдагы митингде. 13-февраль, 2022-жыл.
Жанболот Мамай Алматыдагы митингде. 13-февраль, 2022-жыл.

Алматы шаарынын соту "бийлик өкүлүнө акаарат келтирүү" жана "жалган маалымат таратуу" беренелери менен айыпталып жаткан оппозициялык активист Жанболот Мамайды камакта калтырды.

Шаршембиде соттук отурум болуп жаткан учурда он чакты тарапташы соттун имаратынын алдына чогулуп, аны бошотууну талап кылышты.

Каттоого алынбаган Казакстан Демократиялык партиясынын 33 жаштагы лидери Жанболот Мамай марттын ортосунда эки кылмыш ишине байланыштуу кармалган. Биринчиси болжол менен былтыр сентябрда бийлик менен макулдашылбаган митингге байланыштуу козголгон. Мамайга ошондо жарандарды күч менен кармап кетип жаткан полиция кызматкерлерин кемсинткен деген кине тагылууда.

Экинчи иш финансылык рынокту тескеген агенттиктин арызы менен козголгон. Мекеме активист саясий максатты көздөп, насыялар боюнча мунапыс тууралуу жалган маалымат тараткан деп эсептейт. Мамай тарапташтары менен бирге карыздарды мыйзамдуу мехнизмдер аркылуу кечүүгө үндөп келгенин билдирген.

Анын колдоочулары бул иштерде саясий кызыкчылык бар экенин айтышууда.

Буга чейин да бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар Жанболот Мамайды бошотуу чакырыгын жасап келишкен. (АА)

XS
SM
MD
LG