Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Британиянын "кара тизмесине" өзбекстандык үч аял да илинди


"Дилбар" яхтасы. Монако, 2017-жыл
"Дилбар" яхтасы. Монако, 2017-жыл

Британия 13-апрелде Орусияга каршы санкциялык тизмеге 206 кишини киргизди. Арасында бизнесмен, саясатчылар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү бар. "Азаттыктын" өзбек кызматы маалымдагандай, кара тизмеге теги өзбекстандык үч аял илинген.

Орусия жараны, Ташкенттин тургуну Гулбахар Исмаилова орусиялык белгилүү миллиардер Алишер Усмановдун карындашы. Gazeta.uz басылмасы жазгандай, буга чейин Европа Биримдиги да ага санкция салган. Эмне дегенде Усманов өз активдерин, кымбат баалуу “Дилбар” яхтасын карындашынын атына которгон. Исмаиловага Британияга кирүүгө тыюу салынды.

Олигархтын дагы бир тууганы, Орусия жараны Саодат Нарзиеванын да Британиядагы активдери камакка алынып, ал өлкөгө кирүүгө уруксат берилбейт. Ал буга чейин Еврошаркеттин жазалоочу чараларына кабылган.

Ал эми 1987-жылы Ташкентте туулган Нигина Заирова Лондондо турат. Ал орусиялык «Альфа-банктын» ээси Михаил Фридмандын жардамчысы деп көрсөтүлгөн. Маалыматка караганда, бизнесмен санкцияга туш болгондо, үч активи Заировага өткөн. Британия ошол компанияларда ал Фридмандын атынан иш алып барат деп эсептейт.

Мындан тышкары Лондон орус экономикасына жаңы инвестиция салууга уруксат бербейт. Жыл этегине чейин падышалык Орусиядан мунай менен көмүрдү алууну токтотуу чечимин кабыл алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG