Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Ажайып Кыргызстан: Папандагы сулуулук

Жаз келип, Папан суу сактагычы көркүнө чыккан кези. Күн чайыттай ачылган кезде көл көк-жашыл түскө боёлуп, кайталангыс сулуулукка бөлөнөт.

Бери жагы Алай, Кара-Суу, Араван райондорун, ары жагы Өзбекстандын Анжиян облусун суу менен камсыз кылган Папан суу сактагычы акыркы жылдары жергиликтүү туристтердин сүйүктүү жайына айланган. Суу сактагычка Ош шаарынан бир саатка жакын убакытта жетесиң. Ал Ак-Буура дарыясынын нугунда курулган.



16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG