Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Шаардык сот Ошурахуновага айып салган ишти токтотту


Динара Ошурахунова соттук жараян учурунда.
Динара Ошурахунова соттук жараян учурунда.

Бишкек шаардык соту укук коргоочу Динара Ошурахуновага 3 миң сом айып салган ишти токтотту.

Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазды.

Бүгүн, 20-апрелде Ошурахунованын Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арызы каралган.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын элчилигинин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыккан. Аларды милиция кармап кеткен. Кийин сот үчөөнө 3 миң сомдон айыппул салган.

Абдирасулова менен Токтонасыровдун апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда 26-апрелде каралат.

Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адамдар каза таап, 10 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG