Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Кыргыз-казак чек арасында 300дөй машина кезекте турат


"Ак-Тилек" бекетинен өтө албай тизилген оор жүк ташуучу машинелер.
"Ак-Тилек" бекетинен өтө албай тизилген оор жүк ташуучу машинелер.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 180дей оор жүк ташуучу машина топтолуп турганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

"Чоң-Капка-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда 60 автоунаа чек арадан өтүү үчүн кезекте турат. Мекеменин басма сөз кызматынын маалымдашынча, "Чалдыбар-автодорожныйда" 35тей, "Кең-Булуңда" 30дай машина бар. Мамлекеттик чек аранын башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу катталган жок.

Кыргызстандын Казакстан менен чек арасындагы өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

Казакстандын чек арасындагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны бир аптадан ашык убакыттан бери чечиле элек.

Буга чейин "Ак-Тилек" өткөрмө бекетиндеги тыгындан улам айрым бош машиналар жүргүнчүлөр өтүүчү "Кең-Булуң" бекетине жөнөтүлгөнү кабарланган.

Чек арадагы тыгын маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Айбек Осмонов мындай мамиле улана берсе, Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

2010-жылы Бажы биримдиги катары Беларус, Казакстан, Орусия түзгөн ЕАЭБ уюмуна Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (КЕ)

Кыргыз-казак чек арасы: кезек күткөн айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG