Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Акылбек Жапаров Вашингтондо жумушчу сапары менен жүрөт


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Вашингтон шаарында жумушчу сапары менен жүрөт.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат.

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт. Анда экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу, кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелер талкууланат.

Расмий делегациянын курамында финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов бар.

Буга чейин Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн. доллар бере турганы айтылган. Анын жарымы жардам, калган бөлүгү насыя түрүндө берилет. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында насыянын пайыздык чени 0,75% түзө турганын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG