Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Батыш Украинага коргонуу үчүн дагы артиллерия жөнөтүүнү убада кылууда


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ, Британия жана Канада Донбассты коргоо үчүн Украинага орус армиясынын ири чабуулуна каршы кошумча артиллерия жөнөтүүнү убада кылышты.

Бул АКШ президенти Жо Байден 19-апрелде Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана башка Батыш лидерлери менен сүйлөшкөндөн кийин белгилүү болду.

"Алар артиллериялык колдоого муктаж", - деди Борис Жонсон өз кезегинде.

Жастин Трюдо Канада оор артиллериялык бөлүктөрдү бере турганын жана бул тууралуу маалымат кийинчерек айтылаарын кошумчалады.

АКШнын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Жон Кирби Вашингтон украин күчтөрү согуш талаасында дээрлик дароо колдоно турган системаларды жана узак машыгууну талап кылбаган жабдууларды жөнөтүүгө басым жасоого аракет кылып жатканын белгиледи.

Германиянын канцлери Олаф Шольц батыш лидерлери менен болгон видеоконференциядан кийин Украинага немис өндүрүүчүлөрүнөн келген жүктүн ичинде танкка каршы курал, абадан коргонуу системалары жана ок-дарылар болорун айтты.

"Шольц оор куралдар тууралуу айткан жок", - деп белгилейт Deutsche Welle. Германиянын өзүндө Шольц жана анын борборчул-солчул Социал-демократиялык партиясы Украинаны оор куралдар менен камсыз кылуу чакырыктарына көбүрөөк дуушар болуп жатат. Бирок канцлер жана анын тарапкерлери бул учурда чыр-чатактын курчуп кетүү жана башка өлкөлөргө өтүп кетүү коркунучу бар экенин билдирип келет.

Шольцтун өкмөтү Украинага 1 млрд. евродон ашык каржылык жардам көрсөтүүнү убада кылды, бул үчүн Киев өкмөтү ага каршы күрөшүү үчүн керектүү курал-жарактарды сатып алат.

Мурдараак Украинанын президенти Владимир Зеленский чет өлкөдөн келген курал-жарактар тууралуу сүйлөп жатып, Киев "абдан жакшы колдоо алып жатканын, бул жардам андан да күчтүрөөк болушу мүмкүн" экенин билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG