Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

ЖМК: Кадыров Украинадагы согушка баргандарга 300 миң рубль убада кылууда


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

"Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинадагы согушка барган ар бир ыктыярчыга бир жолку 300 миң рубль төлөөгө убада берди" деп жазды "Агентство" басылмасы.

Каалоочуларга "50 жашка чыга элек, ден соолугу чың эркектер болушу керек" деген талап коюлду. Алар Украинага мэриянын имаратында жайгашкан Грозныйдагы ыктыярчыларды кабыл алуу борбору аркылуу жөнөтүлөт. Алгач 10 күндүк даярдыктан өтүп, андан кийин согушка жөнөп кетет. Басылма алар менен эч кандай келишим болбой турганын жазган.

Анда Телеграм-каналдарда согушка барууну каалагандардын машыгып жаткан видеолору жарыяланды. Алардын бири - 47 жаштагы Тамбов Юрий Татаринцев. Соттук чечимдердин базасы боюнча, ал мурда адам өлтүрүүгө, адам уурдоого жана курал сактоого айыпталып соттолгон.

Март айынын ортосунда Рамзан Кадыров Грозныйдан Украинадагы согушка алгачкы миң ыктыярчы кеткенин жарыялаган.

Кремлдин көздөй кишиси саналган Кадыровдун дарегине адам укугун бузуу, кыйноо, адам өлтүрүү фактылары боюнча көптөгөн айыптоолор айтылып келет. Чеченстанда бийликти сындаган укук коргоочу, журналист жана жөнөкөй жарандар куугунтукталып, коркутуп-үркүтүүгө кабылып, республика башчысынан кечирим сураган учурлар болгон. Мындан улам чечен лидери Батыштын бир нече санкцияларына илинген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG