Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Экономика министрлиги ички дүң өнүмдө өсүү болгонун билдирди


Экономика жана коммерция министрлиги быйылкы жылдын биринчи кварталында экономиканын баардык секторунда өсүш бар экенин жарыялады. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, өлкөнүн ички дүң өнүмүндө 4,5 пайыз өсүш болгон.

Мал чарбасындагы өндүрүш 2,3 пайыз өсүп, кайра иштетүү өндүрүшүндө 52,6 млрд. сомдук продукция өндүрүлгөн. Мындан тышкары курулуш, тейлөө, коомдук тамактануу, байланыш, соода тармактарында да жакшы көрсөткүчтөр бар экени белгиленди.

Тышкы соода жүгүртүү 1 349,5 млн. АКШ долларга жеткен же башкача айтканда 1,6 эсе өскөн. Жыл башындагы эки айда экспорт 246,3 млн. АКШ доллары болсо, импорт дээрлик эки эсеге жетип 1 103,2 млн. АКШ долларын түзгөн.

Ички дүң өнүм - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

Өлкөнүн 2022-жылга консолидацияланган бюджети 403,9 млрд. сом деп бекитилген. Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282,1 млрд. сом, чыгаша 291,2 млрд. сом. Быйыл бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд. сомду же ички дүң өнүмгө (ИДӨ) карата 0,8% түзөт.

Жакында эле Дүйнөлүк банктын жаңыланган баяндамасы жарыяланды. Документте дүйнөдөгү соңку кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы беш пайызга төмөндөп, инфляция 15% жогорулашы мүмкүн экени жазылган.

Кыргызстандын экономикасына Украинадагы согуштун дагы таасири тийди. 24-февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин доллар кымбаттап, импортко көз каранды Кыргызстанда ун, кумшекер жана өсүмдүк майынын баасы жогорулаган. Өкмөт антикризистик иш-чаралардын планын бекиткен. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG