Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Азербайжанга барды


Садыр Жапаров Бакуда. 19-апрель, 2022-жыл.
Садыр Жапаров Бакуда. 19-апрель, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде расмий сапары менен Азербайжандын борбору Баку шаарына барды.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу жолугушуу да пландалган.

Мындан тышкары азербайжандык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстан жана соода-инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берилет.

Сапар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык Келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгынын алдында өтөт.

Бир катар документтерге, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга, Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү боюнча меморандумга, мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп берген өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларга кол коюу пландаштырылууда.

Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алака тууралуу так маалымат жок. 2010-жылдары Баку-Бишкек түз аба каттамын ачуу, Бишкек шаарында Азербайжандын көмөгү менен жаңы мектеп куруу жана кыргыз-азербайжан достук паркын салуу сыяктуу бир катар долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр болгону кабарланган.

Азербайжанда Кыргызстандын элчилиги 2014-жылы ачылган. Ал эми Кыргызстанда Азербайжан элчилиги 2007-жылдан бери иштейт. Учурда бул өлкөдө Кыргызстандын элчиси Кайрат Осмоналиев. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG