Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

ИИМ: Оң рулдуу такси болбошу керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда рулу оң жактагы машина менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу 19-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Исраилов эгер мыйзам колдоо тапса такси болуп иштөөнү каалаган айдоочулар лицензия алууга милдеттүү болорун, «Автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» мыйзамдагы “жеңил таксиден башкалар лицензия алышы керек” деген норманы алып салуу сунушталып жатканын айтты:

«Мыйзамда жеңил таксиден башканын баары лицензия алышы керек деп жазылып калган. Ошону алып салалы деп жатабыз. Жеңил такси дагы лицензиялоодон өтөт кадимкидей. Кичи автобус менен жүргүнчү ташуудан айырмаланбашы керек. Бирөөндө жоопкерчилик болушу зарыл. Эртең менен айдоочунун да, машинасынын да абалын текшериш керек. Оң рулдуу автоунаалар жүргүнчү ташууга эч жолобошу керек. Анын баары иштелип жатат. Буюрса мыйзам долбоорун жакын арада алып келебиз. Колдоп берсеңер биз андан ары иштейбиз».

ИИМдин расмий маалыматына караганда, быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда жалпысынан катталган 1366 жол кырсыгынын 456сында оң рулду машина болгон. Жалпысынан үч айда жолдо мүрт кеткен 110 адамдын 38инин өлүмүнө оң рулду машинанын кырсыкка учураганы себеп болгон, бул каза тапкандардын 34,5%. Былтыркы жылдын алгачкы үч айында 1572 (360 оң рулду машина) жол кырсыгы катталып, 134 (30 оң рулду машина) адам каза болгон.

Рулу оң жактагы машиналарды такси укугунан ажыратуу демилгеси буга чейин да көтөрүлүп келген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG