Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Украина: Орусия Донбасстагы коргонуу тилкесин жарып өтүүгө аракет кылууда


Донецкидеги иштен чыккан танканын жанындагы украин аскери, 13-апрель, 2022-жыл.
Донецкидеги иштен чыккан танканын жанындагы украин аскери, 13-апрель, 2022-жыл.

Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышындагы Донецк, Луганск жана Харьков аймактарындагы коргонуу тилкесин жарып өтүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов билдирди. Украин медиасы 19-апрелде жазгандай, орус күчтөрү Донецкидеги Марянка, Славянск жана Краматорск шаарларын аткылады.

"Каршы тарап Донецк жана Луганск аймактарына толук көзөмөлүн орнотуу үчүн жана убактылуу оккупацияланган Крымга кургактан коридор ачуу үчүн Чыгыштагы операция аймагындагы чабуулдарын улантууга аракет кылып жатат", - деп билдирди Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Александр Штупун.

Ал украин күчтөрү Донбасс аймагында орус тараптын жети чабуулунун мизин кайтарганын, Украинаны көздөй Орусиянын чыгыш жана борбордук бөлүгүнөн курал-жарак жана аскердик жабдыктар жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, орус күчтөрү 19-апрелге караган түнү 1260 позицияга сокку урду жана Украинанын МиГ-29 учагын атып түшүрдү. Бул маалыматты азырынча көз карандысыз булактар ырастай элек.

Президент Владимир Зеленский дүйшөмбүнүн кечиндеги видео кайрылуусунда Украинанын чыгышында "Донбасс үчүн кармаш" башталганын, орус армиясынын ири бөлүгү бул аймактагы чабуулдарга тартылганын айткан болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG