Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

Кабул: мектептеги жардыруудан алты киши каза болду


Кабулдагы мектепте болгон жарылуудан жабыркагандар, 19-апрель, 2022-жыл.
Кабулдагы мектепте болгон жарылуудан жабыркагандар, 19-апрель, 2022-жыл.

Ооганстандын Кабул шаарында хазар тектүү шииттердин конушундагы эркек балдардын мектебинде болгон бир нече жардыруудан кеминде алты киши каза таап, 11и жараат алды. Бул тууралуу Кабулдун полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Халид Задран "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдирди.

Жарылуудан жабыркагандардын арасында балдар бар экени кабарланууда. Бирок алардын саны так белгисиз.

Задрандын айтымында, жарылуу 19-апрелде Кабулдун батышындагы Дашти-Барчи конушундагы Абдул Рахим Шахид атындагы жогорку класстын окуучулары билим алган мектепте болгон.

DPA жаңылыктар агенттиги мектепте граната жарылганын жазып жатат. Күбөлөрдүн айтымында, окуя окуучулар эртең мененки сабактарынан чыгып келе жатканда болгон.

Азырынча жардырууга эч ким жоопкерчилик ала элек. Буга чейин хазарлар байырлаган бул аймакты "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери бутага алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG