Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

"Тазалык" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды


Иллюстрация сүрөт
Иллюстрация сүрөт

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы “Тазалык” муниципалдык ишканасына башчы болуп Султан Алыбаев дайындалганын маалымдады.

Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 18-апрелдеги буйругуна ылайык, Койчугул Ибраимов жеке турак жай курулуш департаментинин директору болду.

Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын айрым жумушчулары 15-апрелде митингге чыгып, жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышкан. Алар бул тармакты билген адамдар башкарышы керектигин айтып, жетекчилер тынбай алмашып жатканына нааразы болушкан.

Азат Сагынов "Тазалыкка" өткөн жылдын соңунда жетекчи болуп келген. Ал “Азаттыкка” кызматтан кетиши “Тазалык” ишканасындагы каржылык мыйзам бузууларга байланышы жок экенин, ал бул кызматта төрт эле ай иштегенин айткан.

Ал эми мэриянын Ички аудит башкармалыгы “Тазалыктын” 2019-2020-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзгөндө 54 млн. 882 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. Муниципалитет материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөнүн билдирген.

“Тазалык” Бишкектин көчөлөрүн, коомдук жайларын тазалап, күнүнө 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Ишканада бир жарым миңдей адам иштейт. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG